Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 02-августу №13/3
Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш айылындагы №39 К.Эсенов атындагы орто мектебинин жасалгалоосу жөнүндө
Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш айылындагы №39 К.Эсенов атындагы орто мектебинин жасалгалоосу үчүн Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы К.Анарбаевдин сунушун угуп, Памир-Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш айылындагы №39 К.Эсенов атындагы орто мектебинин жасалгалоосуна жалпы 855 000 (сегиз жүз элү беш миң) сом акча каражаты керектелип, анын ичинен Райондук өнүктүрүү фондунан 735 000 (жети жүз отуз беш миң) сом суралсын жана калган 120 000 (жүз жы йырма миң) сом акча каражаты айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Каралган акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы К.А.Анарбаевге жана ФЭБ башчысы Б.Үсөн уулуна милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: | Койчуман уулу Н. |