Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 04-сентябры №14
Памир-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2024-жылга бекитилген сметасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, 2024-жылдын 04-сентябрындагы № 6 протоколунун негизинде Памир-Алай айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги 6-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Памир-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2024-жылга бекитилген сметасындагы төмөндөгү салыктын түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
К/н | Берененин аталышы | Берене | Бардыгы | III квартал |
көбөйтүү | көбөйтүү | |||
1 | Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы | 14232400 | 522,0 | 522,0 |
2 | Максаттуу Трансферт | 13321200 | 74,1 | 74,1 |
| Баардыгы |
| 596,1 | 596,1 |
2.Памир-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүн бекитилген сметасынын төмөндөгү беренесинин бекитилген планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
К/н | Берененин аталышы | бөлүмчө | берене | Бардыгы | III квартал |
көбөйтүү | көбөйтүү | ||||
1 | Тамак-аш сатып алуу (атайын каражат) | бала бакча | 2218 | 522,0
| 522,0
|
2 | Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алууга | соц.коргоо | 2215 | 74,1
| 74,1
|
| Баардыгы |
|
| 596,1 | 596,1 |
3.Жогорудагы акча каражатын 2024-жылга бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
4.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы К.А.Анарбаевге жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Үсөн уулуна милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Койчуман уулу Н. |