Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 04-сентябры №14/2
Памир-Алай айыл аймагына караштуу Талды-Суу айылына көмүрдү тазалоо жана кайра иштетүүчү завод куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Памир-Алай айыл аймагына караштуу Талды-Суу айылына көмүрдү тазалоо жана кайра иштетүүчү завод куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы К.А. Анарбаевдин билдирүүсүн карап чыгып, Памир-Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Памир-Алай айыл аймагына караштуу Талды-Суу айылына көмүрдү тазалоо жана кайра иштетүүчү завод куруу үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин.
2.Тиешелүү документтерди бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси У.Ибраим уулуна жана Токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн башчысы К.А.Анарбаевге тапшырылсын.
3.Көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | Койчуман уулу Н. |