Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 04-сентябры №14/3
Памир-Алай айыл аймагындагы жүк ташуучу унаалардын атайын унаа токтотулуучу жайларга токтотулуучу жана жол жээктерине ташталган мусорлор жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы №421 токтому менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринин 12 пунктуна таянып, Нура айылынын тургундарынын жазган арыздарын карап чыгып, Памир-Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Памир-Алай айыл аймагын аралап өткөн негизги унаа жолдорунун жээктерине жүк ташуучу унаалар узак убакытка токтотулбасын, атайын унаа токтотулуучу жайларга токтотулсун.
2.Памир-Алай айыл аймагын аралап өткөн ички жана негизги жолдоруна мусор ыргыткан жарандарга 5000 (беш миң) сомдон 15000 (он беш миң) сомго чейин айып пул салынсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Анарбаевге милдеттендирилсин.
4.Көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | Койчуман уулу Н. |