Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 04-сентябры №14/4
Памир-Алай айыл өкмөтүнүн Сары-Таш айылындагы узундугу 8,11 км болгон баасы 5 425 700,0 (беш миллион төрт жүз жыйырма беш миң жети жүз) сомдук “Машалы” сугат каналын Алай раондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Памир-Алай аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш айылындагы узундугу 8,11км баасы 5 425 700,0 (беш миллион төрт жүз жыйырма беш миң жети жүз) сомдук “Машалы” сугат каналы мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Алай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өкөрүлүп берилсин.
2.“Алай райондук суу чарба башкармалыгы” мамлекеттик мекемесинин балансына өткөрүп берүү үчүн иш кагаздарын даярдап тийиштүү жактарга алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы К.А.Анарбаевге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жана өзүмдүн көзөмөлүмө калтырам.
Төрага: | Койчуман уулу Н. |