Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 04-сентябры №14/5
Жердин багытын өзгөртүү жөнүндө
Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу “Нура” участогундагы №20-контурда жайгашкан 6,0 га жер тилкесинин багытын өзгөртүү максатында Памир-Алай аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу “Нура” участогундагы №20-контурда жайгашкан 6,0 га жер тилкесин жайыт багытынан өндүрүш багытына которууга макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын жана тийиштүү документтерди даярдоону айыл өкмөт башчы К. Анарбаевге тапшырылсын.
3.Көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | Койчуман уулу Н. |