Загрузка документа…
ТОГОЛОК-МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-декабры №8
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы инвестиция боюнча улуттук агенттигинен келген автобус техникасын Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Д. Абдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тоголок-Молдо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айылына Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы инвестиция боюнча улуттук агенттигинен келген автобус техникасын Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Мектеп окуучуларын ташуу кызматына бир күндүк сарпталуучу ГСМ бензин 7 литр болуп белгиленсин.
3. Автобустун айдоочусунун эмгек акысы жана техникалык тейлөө кызматынын акча каражаты жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
4. Сарпталган ГСМ бензин жана техникалык тейлөөгө кеткен акча каражатынын отчету А.Абдраимов атындагы орто мектебинин жетекчилигине жүктөлсүн.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мыктыбековго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагын өзүмө калтырамын.
Төрайым: |
| Г. Бегимкулова |