Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры № 1
Айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 28.11.2024-жылдагы №2-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №2-протоколу бекитилсин.
2. Айтмаматов Нуркарим айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | Б.Ж. Матисаков |