Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №1/3
Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» ПЖ № 271 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча маалыматты талкулап, Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү, жумушчу топтун курамын түзүү жана уюштуруу максатында Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» ПЖ №271 Жарлыгына ылайык Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарын шайлоо боюнча жумушчу топтун курамы түзүлсүн. (№1 тиркеме)
2. Кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлүүчү жыйындардын графиги, өтүлүүчү жайлар, жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны, тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери, жыйындарды өткөрүүгө жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана жооптуу адамдардын тизмеси бекитилсин. (№2 тиркеме)
3. Жумушчу топтун курамына Кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууга ар тараптан көмөк көрсөтүү милдеттендирилсин.
4. Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча чаралардын көрүлүшү тууралуу жана алардын келип чыккан укуктук маселелерди жөнгө салууга байланышкан маалыматтарды убагында берип туруу жооптуу катчыга жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | Н. Айтмаматов |