Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 06-декабры №2/2
Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу “Ак Нур” балдар бакчасынын кошумча актовый залы жок болгондугуна байланыштуу, жаңыдан курууга сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу “Ак Нур” балдар бакчасынын кошумча актовый залы жок болгондугуна байланыштуу, жаңыдан курууга сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна негизденип Памир-Алай айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2-кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу “Ак Нур” балдар бакчасынын кошумча актовый залы жок болгондугуна байланыштуу, жаңыдан курууга сунуш кылынган долбоорду карап чыгып Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 5221010 сомдук долбоордо көрсөтүлгөн 42,5 пайыздык өздүк салымы 2221010 сом акча каражаты Памир-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетине сунушталып бөлүнүп берилсин.
2. Каралган акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы К.А.Анарбаевге жана СЭБ башчысы Б.Үсөн уулуна тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: | Н. Айтмаматов |