Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-декабры №3
Памир-Алай айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобосуна ылайык жана Жергиликтүү кеңештердин Типтүү регламенттерин бекитүү жөнүндөгү 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/330-буйругуна ылайык Памир-Алай айылдык кеңешинин регламентин өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Памир-Алай айылдык кеңешинин регламенти жактырылсын жана бекитилсин.
2. Регламентти негиз кылып иш алып баруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнөн мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Памир-Алай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Р.Мидиновго жүктөлсүн.
Төрага: | Н. Айтмаматов |