Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I уюштуруу заседаниесинин отуруму
2024-жылдын 28-ноябры № 1/3
Кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» ПЖ № 281 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча маалыматты талкуулап, Кезектеги III Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жана жумушчу топтун курамын түзүү, алгылыктуу жумуш алып баруу максатында Тилектеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» ПЖ № 281 Жарлыгына ылайык Кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча жумушчу топтордун курамы төмөнкүлөрдөн түзүлсүн (№1 тиркеме).
2.Кезектеги III Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлүүчү жыйындардын графиги, өтүлүүчү жайлар, жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны жана тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери, жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси бекитилсин (№2 тиркеме).
3.Өкүлчүлүктүү жыйындын Элдик Курултайдын делегаттарынын тизмелерин шайлоо тууралуу протоколдорду жана толтурулган анкеталарды уюштуруу комитетине 2024-жылдын 7-декабрга чейин тапшыруу жумушчу комиссияга жүктөлсүн.
4.Жумушчу топтун курамына Кезектеги III Элдик курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууга ар тараптан көмөк көрсөтүү милдеттендирилсин.
5.Кезектеги III Элдик курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча чаралардын көрүлүшү тууралуу жана алардын келип чыккан укуктук маселелерди жөнгө салууга байланышкан маалыматтарды убагында берип туруу жооптуу катчы Б.Болушовага жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмдө калтырамын.
Төрага: | К. Төрөшев |
| Тилектеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы № 1/3 токтомуна №1 тиркеме |
Тилектеш айыл аймагында III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:
1. Төрөшев Каныбек Сабирович - айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу тобунун төрагасы;
2. Алмазбек уулу Бекмырза – айылдык кеңештин төрагасынын орун басары, жумушчу топтун төрагасынын орун басары,
3. Болушова Бурулкан Келдибековна - айылдык кенештин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы;
М Ү Ч Ө Л Ө Р Ү:
1. Мурзакеримов М,
2. Курманбек уулу Эламан,
3. Турганбаев Шарип,
4. Мамытова Гүлбарчын,
5. Аттокурова Айнагүл,
6. Бегали уулу Арзибек,
7. Жусубалиева Нуржан,
8. Танаев Азизбек,
9.Максутова Айнура,
10.Зикиров Жакшылык,
11.Турганбаев Нурдөөлөт,
12.Жаяева Ырысбүбү,
13.Орозалиев Акмөндүр,
14.Сыдыкова Минаваркан,
15.Абдыкадырова Маалимкан,
16.Ысаков Тарзан,
17.Жээналиев Раджи,
18.Сыдыков Кочкорбай,
19.Калманбетова Чолпонкан.
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы: | Б. Болушова |
| Тилектеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрында өткөн 8-чакырылышынын 1-отурумундагы №1/3 токтомунун №2 тиркемеси |
Тилектеш айылдык кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» ПЖ № 281 Жарлыгына ылайык Кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча графиги
№ | № | Айылдын аталышы | Мөөнөтү | Өткөрүлө турган жери | Квотага ылайык өкүлдөрдүн саны |
1. Айыл аймагындагы айылдар | |||||
1 | 1 | Жаны-Турмуш | 03.12.2024 10-00 | Маданият үйү | 10 |
| 2 | Аюу-Тапан | 03.12.2024 10-00 | Козу-Ажы мечитинин алды | 11 |
| 3 | Осоавиахим | 03.12.2024 10-00 | Гердегей бала бакчасы | 11 |
| 4 | Миязды | 03.12.2024 12-00 | Кичи футбол аянчасы | 4 |
| 5 | Ленин-Жол | 03.12.2024 13-00 | К.Шамырбеков ат.спорткомплекс | 7 |
| 6 | Коммунизм | 03.12.2024 15-00 | Эмкананын алды | 7 |
| 7 | Тогуз-Булак | 03.12.2024 10-00 | Корул айылдык маданият үйү | 17 |
| 8 | Кең-Жылга | 03.12.2024 13-00 | Алимов ат.о мектеби спорткомплекси | 22 |
| 9 | Биринчи Май | 03.12.2024 15-00 | Ж.Орозов ат.о мект. | 11 |
2 | 1 | Жошолу аймагы боюнча | 07.12.2024 Саат 10-00 | Айыл өкмөттүн конторасы | 1 |
| 2 | Корул аймагы боюнча | 07.12.2024 Саат 14-00 | Корул айылдык маданият үйү | 1 |
3 |
| Айыл өкмөтү боюнча |
|
| 2 |
Жооптуу катчы: | Б. Болушова |