Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 05-декабры № 2/1
Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга карата түзүлгөн Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына,Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндөгү” №233 токтомуна жана №153 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга карата түзүлгөн Регламенти бекитилсин.
2.Тилектеш айыл өкмөтүнө караштуу бардык мекемелерге бекитилген Регламентти жетекчиликке алуу жеткирилсин.
3.Регламенттин Жоболору менен кынтыксыз иш алып барууну уюштуруу Тилектеш айыл аймагынын айылдык кызматкерлерине тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К. Төрөшев |