Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 05-декабры № 2/2
Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын кварталдарына карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын кварталдарына карата түзүлгөн иш планын карап чыгып, талкуулап Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын кварталдарына карата түзүлгөн иш планы бекитилсин (иш план тиркелет).
2.2025-жылга түзүлгөн иш пландын кварталдарындагы коюлган иш-чаралардын аткарылышына жетишүү кеңештин төрагасына жана тиешелүү туруктуу комиссиялардын курамдарына тапшырылсын.
Төрага: | К. Төрөшев |
Тилектеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 5-декабрында өткөн 8-чакырылышынын 2-отурумундагы №2/2 токтомунун №1 тиркемеси
| Б Е К И Т Е М Тилектеш айылдык кеңешинин төрагасы _____К.Төрөшев 05.12.2024-ж. |
Тилектеш айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш планы:
№ | Заседаниеде каралуучу маселелер | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар | Отчет берет |
1 | Айыл өкмөттүн башчысынын 2024-жылдын ичинде аткарган иштери боюнча маалымат | 1-квартал | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөттун башчысы К.Мусабаев |
2 | Тилектеш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн аткарылышы жана 2025-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жөнүндө | 1-квартал | Айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистери | Айыл өкмөттун башчысы К.Мусабаев |
3 | Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга карата аткарылышынын маалыматы | 1-квартал | Бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссия | Салыкчы К.Төлөнбай уулу |
4 | Жергиликтүү жамааттардын типтүү уставын бекитүү боюнча Жобо жөнүндө | 1-квартал | Уюштуруу, укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы | Жооптуу катчы Б.Болушова |
5 | Жайыт төлөмдөрүнун тарифин бекитүү, 2024-жылдын ичинде жайыт үчүн чогулган каражаттардын маалыматы | 1-квартал | Жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Муниципалдык ишкананын жеткечиси А.Иманахунов |
6 | Айыл аймагындагы бала бакчалардын иштеп жаткан иштеринин маалыматы | 1-квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы | Бакчалардын директорлору |
7 | Айыл чарба жерлерин тактоо, КБФнын арендага берилген жерлерин максаттуу пайдалануу, көзөмолгө алуу боюнча жер адистин жүргүзүп жаткан иштери | 2-квартал | Жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Жер адис А.Ысаков |
8 | Жайлоого көчүп-конуу маселелери, жайлоо жолдорун кароо | 2-квартал | Жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Айыл өкмөт башчысы, айыл башчылар |
9 | Айыл аймагындагы мектептердин олимпиадалык көрсөткүчтөрү, ЖРТ жыйынтыгы боюнча маалыматтары | 2-квартал | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы | Мектеп директорлору |
10 | ВУС кызматкерлеринин жана КААБ дын аткарып жаткан иштеринин абалы | 2-квартал | Уюштуруу укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясы | Д.Бакыбаев Г.Мадаев И.Абдылдаев |
11 | Элге ветеринардык кызмат көрсотүүлөрдүн, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштердин маалыматы | 2-квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы | С.Алымкулов З.Турганбаев |
12 | Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 6 ай ичинде аткарылышы боюнча ФЭБ башчынын отчету | 3-квартал | Бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы | Б.Эрмекбаева |
13 | Озгөчө кырдаалдар боюнча адистин аткарып жаткан иштеринин абалы | 3-квартал | Уюштуруу укутук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы | К.Абдылдаев |
14 | Маданият кызматкерлеринин, китепкана башчыларынын аткарып жаткан иштеринин абалы | 3-квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы | Бардык мекемелердин башчылары |
15 | Күз-кышка карата даярдыктар, калкка көмүр жеткирүү боюнча аткарылып жаткан иштер, мекеме ишканалардын көмүр менен камсыз болушу | 3-квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы | Т.Абдыкадыров |
16 | “Тунук-Булак таза суу, жайыт, тазалык жана көрктөндүрүү ” муниципалдык ишканасынын маалыматы | 3-квартал | Уюштуруу укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы | А.Иманахунов |
17 | Айыл башчылардын жыл ичинде аткарган иштеринин отчету, кийинки жылга пландары | 4-квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы | Айыл башчылар |
18 | Социалдык маселелер боюнча кызматкердин аткарып жаткан иштеринин отчету, аз камсыз болгон үй бүлөлордү кароонун абалы | 4-квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы | К.Жапарова |
19 | Айыл аймагындагы эмканалардын аткарып жаткан иштеринин маалыматы | 4-квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы | Эмканалардын башчылары |
20 | Айыл өкмөтүнүн бюджетинин жыл ичинде аткарылышы боюнча ФЭБ башчынын отчету | 4-квартал | Бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы | Б.Эрмекбаева |
21 | Айылдык кенеш тарабынан 2024-жыл ичинде чыгарылган токтомдорунун аткарылышынын абалы | 4-квартал | Уюштуруу укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы | К.Төрөшев |
22 | Айылдык кеңештин депутаттарынын өздөрүнүн шайлоочуларынын суроо-талаптарын аткаргандыгы жөнүндө маалыматтары | 4-квартал | Уюштуруу укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы | Депутаттар |
Жооптуу катчы: | Б. Болушова |