Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2024-жылдын 05-декабры № 2/5
Айыл өкмөттүн Жаны-Турмуш айылындагы №40 “Баластан -Алай” балдар бакчасынын арткы бөлүгүн тосуу жана бакчанын ички ремонтун жасоо боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Айыл өкмөттүн Жаны-Турмуш айылындагы № 40 “Баластан-Алай” балдар бакчасынын арткы бөлүгүн тосуу жана бакчанын ички ремонтун жасоо боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 токтомун негиз кылып, Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөттүн Жаны-Турмуш айылындагы № 40 “Баластан-Алай” балдар бакчасынын арткы бөлүгүн тосуу жана бакчанын ички ремонтун жасоо боюнча сунуш кылган долбоорду карап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы сметалык баасы 5 935 533 (беш миллион тогуз жүз отуз беш миң беш жүз отуз үч) сомдук долбоордо көрсөтүлгөн, өздүк салым үчүн 2 935 533 (эки миллион тогуз жүз отуз беш миң беш жүз отуз үч) сом акча каражаты Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана жеке өз көзөмөлүмө калтырамын.
Төрага: | К. Төрөшев |