Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 4
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентин кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын, «Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депуттаттарынын статусу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдарын негизинде жана «Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 2 пунктунун 9 пунктчасына ылайык Үч-Дөбө-Алай аймагынын айылдык кеңешинин Регламентин толук талкулоонун негизинде Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын Регламенти кабыл алынсын.
2.Кабыл алынган регламенттин негизинде иш алып баруу жагы бардык айылдык кеңештин депутаттарынын, туруктуу жана убактылуу комиссияларынын милдеттери катары белгиленсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын өзүмө калтырамын.
Төрага: | А. Кудайбергенов |