Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 5
Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жана өткөрүү жөнүндө
2024-жылдын 20-сентябрындагы кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин №271 Жарлыгын аткаруу жөнүндө айылдык кеңештин жооптуу катчысы Абдыкадыров Үмүтбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын түзүү максатында Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2024-жылдын 20-сентябрындагы кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин №271 Жарлыгын аткаруу максатында Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй жумушчу топтун курамы түзүлсүн. (тиркеме тиркелет №1)
2. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдарында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлүн шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графиги тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тирелет №2)
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын чакырууну, өткөрүүнү календардык пландын негизинде иш алып баруу жана Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу иш чараларын көрүү жагы жумушчу топтун курамына жүктөлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырамын.
Төрага: | А. Кудайбергенов |
| Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28.11.2024-жылдын №5 токтомуна тиркеме №1 |
Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:
1.Кудайбергенов.А-айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы
2.Абдыкадыров.Ү-айылдык кеңештин катчысы, жумушчу топтун катчысы
Мүчөлөрү:
3.Токторова Апел-айылдык кеңештин депутаты
4.Баатырова Бактыгүл-айылдык кеңештин депутаты
5.Балыева Нургүл-айылдык кеңештин депутаты
6.Борбодоев Шерикбай-демилгечи топтун мүчөсү
7.Токторбаева Уулбү- аялдар кеңешинин төрайымы
8. Атабаев Мусабек–КААБнун төрагасы
9.Машаев Бактыбек-Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн башкы адиси
Жумушчу топтун катчысы: | Ү. Абдыкадыров |
| Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28.11.2024-жылдын №5 токтомуна тиркеме №2 |
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдарында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына өкүлдөрдү жер жерлерде шайлоо боюнча графиги
№ | Өкүлчүлүктүү жыйндарды өткөрүү боюнча жамааттарды тиешелүү аймактарга бөлүү ченемдери | Калктыын саны | Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны (квота боюнча) | Өкүлчүлүктүү жыйын өтүүчү жери | Өкүлчүлүктүү жыйындын өтүү датасы, графиги | Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттары |
1 | Ак-Босого | 1876 | 10 | А.Тукеев а.о. мектебинин имараты | 04.12. 2024-жыл | Абдибалиев Темирбек Токторова Апел
|
2 | Кызыл-Алай | 1340 | 7 | Кызыл-Алай орто мектебинин имараты | 04.12. 2024-жыл | Токторбаев Алмаз Кабыл кызы Махабат
|
3 | Чоң-Каракол | 1833 | 10 | Маданият орто мектебинин имараты | 04.12. 2024-жыл | Эшназаров Канимет Каденова Бакдөөлат |
4 | Кичи-Каракол | 2053 | 11 | Үч-Төбө маданият үйү | 04.12. 2024-жыл | Балыева Нургүл Жаанбаева Айнуру
|
5 | Ак-Жай, | 1371 | 7 | Үч-Төбө маданият үйү | 04.12. 2024-жыл | Жолдошбаев Марат Абжапар уулу Мирлан |
6 | Гежиге | 131 | 1 | Үч-Төбө маданият үйү | 04.12. 2024-жыл | Абжапар уулу Мирлан |
7 | Сопу-Коргон | 3268 | 18 | Сопу-Коргон маданият үйү | 05.12. 2024-жыл | Баатырова.Б Маташов.Н Рысбаев .М. Шарипова.Ж. |
8 | Аскалы | 796 | 4 | М.Акматов орто мектеби | 05.12. 2024-жыл | Турсунаалы у Нурсейит
|
9 | Жерге-Тал | 715 | 4 | М.Абдразаков баштооч мектеби | 05.12. 2024-жыл | КудайбергеновАбазбек |
10 | Көлдүк | 990 | 5 | Көлдүк баштооч мектеби | 05.12. 2024-жыл | Арзиева Нурадимизаада
|
11 | Таргалак | 374 | 2 | Таргалак баштооч мектеби | 05.12. 2024-жыл | Турсунаалы у Нурсейит
|
12 | Терек | 1597 | 9 | К.Султанов орто мектеби | 05.12. 2024-жыл | Эгенова Малике Назарбаев Нурали |
13 | Чий-Талаа | 2125 | 12 | Б.Абжапаров орто мектеби | 05.12. 2024-жыл | Баргыбай у Сагынычбек Баатырова Назгүл |
Айыл аймагы боюнча калктын саны | 18469 | 100 |
|
|
| |
Жумушчу топтун катчысы: | Ү. Абдыкадыров |