Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2024-жылдын 06-декабры № 6
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу №8 «Кызгалдак көктөмү» балдар бакчасынын эшик терезелерин пластикке алмаштыруу боюнча сунуш кылынган долбоордун өздүк салымы жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу №8 «Кызгалдак көктөмү» балдар бакчасынын эшик терезелерин пластикке алмаштыруу боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевдин билдирүүсүнүн негизинде Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу №8 «Кызгалдак көктөмү» балдар бакчасынын эшик терезелерин пластикке алмаштыруу боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 1 549 824 сом долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымынын 7 пайыздык 108 488 сом өздүк салымы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетине сунушталып бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Кудайбергенов |