Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин I уюштуруу сессиясынын жыйыны
2024-жылдын 26-ноябры № 1/3
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешиин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 26-ноябрындагы №3-протоколу бекитилсин.
2. № 4 - 8 мандаттуу Токбай-Талаа шайлоо округунун депутаты Абазбек уулу Шайлообек Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | А. Мойдунов |