Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин I уюштуруу сессиясынын жыйыны
2024-жылдын 26-ноябры № 1/4
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламенти жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 3-главасынын 30-беренесинин 4-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин статусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу депутаттардын Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 бөлүмдөн турган регламенти типтүү регламентти негизге алып өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүү менен жаңы редакцияда кабыл алынсын.
2.Кабыл алынган Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламенти Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши, анын туруктуу комиссиялары, айылдык Кеңешинин депутаттары, аппараты тарабынан жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
Төрага: | А. Мойдунов |