Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин I уюштуруу сессиясынын жыйыны
2024-жылдын 26-ноябры № 1/5
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссияларын түзүү жана алардын иш-пландарын бекитүү жөнүндө
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VIII чакырылыштагы) I уюштуруу сессиясынын 26.11.2024-жылдагы № 1/2 токтому менен бекитилген Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңештин регламентинин 2-главасынын 2.2-беренесине ылайык айылдык Кеңештин жооптуу катчысы С.Осмоналиевдин айылдык Кеңештин алдындагы туруктуу комиссиялары жана алардын иш-пландары боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин алдында төмөндөгүдөй аталыштагы туруктуу комиссиялары түзүлсүн жана алардын курамы, иш-пландары бекитилсин:
а) Мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясы:
-Абдимажит уулу Осмон – мүчөсү,
-Туташова Нургүл– мүчөсү,
-Гулам кызы Нургүл – мүчөсү.
-Ураймова Клара –мүчөсү.
б) Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясы:
-Райымбердиева Сьюта– мүчөсү,
-Дүйшембиев Темирбек– мүчөсү,
-Ысмаилова Гүлнура – мүчөсү,
-Дыйканов Салмоорбек-мүчөсү.
в) Агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы:
-Исабаев Мелис– мүчөсү,
-Оморакунова Гүлмира –мүчөсү,
-Шүкоев Бактыбек –мүчөсү,
-Айткулов Бейшенаали– мүчөсү.
г) Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы:
-Айтбаев Нурланбек– мүчөсү,
-Мидинов Таалайбек – мүчөсү,
-Эшейбай уулу Айбек– мүчөсү,
-Кадыркулов Абдырасул– мүчөсү,
-Райымкулов Марс – мүчөсү,
-Ормонова Асилбү – мүчөсү.
-Жорубаева Сулуукан – мүчөсү.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Абазбек уулу Шайлообекке тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |