Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин I уюштуруу сессиясынын жыйыны
2024-жылдын 26-ноябры № 1/6
2024-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарында өтө турган кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча айыл аймагында боло турган жыйындардын графигин, жумушчу комиссиянын курамын жана жыйындарга жооптуу депутаттарды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 2- “Элдик Курултайдын укуктук статусу жөнүндө” бөлүгүн, Элдик Курултайды өткөрүү жана ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 16-декабрындагы № 16 чечимин жетекчиликке алып Ылай-Талаа аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Ылай-Талаа айыл аймагындагы айылдардан элдик өкүлчүлүктүү жыйынга катыша турган өкүлдөрдүн төмөндөгү сандык курамы бекитилсин:
1. Ылай-Талаа айылынан – 35 өкүл,
2. Токбай-Талаа айылынан – 25 өкүл,
2. Сай айылынан – 10 өкүл,
3. Шаркыратма айылынан – 5 өкүл,
4. Жылкол айылынан – 5 өкүл,
5. Сары-Таш айылынан – 5 өкүл,
6. Орто-Талаа айылынан – 5 өкүл,
7. Буйга айылынан – 5 өкүл,
8. Беш-Кемпир айылынан – 5 өкүл.
Жалпы: 100 өкүл.
II. Ылай-Талаа айыл аймагындагы айылдардан элдик өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү көрсөтүү жана III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоолорду өткөрүүгө байланыштуу тиешелүү иш-аракеттерди камсыздоо боюнча жумушчу комиссиянын курамы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет).
III. Жыйындарды өткөрүүнүн графиги жана жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттар № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 2 тиркеме тиркелет).
IV. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Мойдунов |
| Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 26.11.2024-жылдагы № 1/6 токтомуна № 1 тиркеме |
Ылай-Талаа айыл аймагындагы айылдардан элдик өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү көрсөтүү жана кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо тууралуу тиешелүү иш-аракеттерди камсыздоо боюнча жумушчу комиссиянын курамы:
1.Мойдунов Абдумалик Сатарович -- Ылай-Талаа айылдык кенешинин төрагасы, жумушчу комиссиянын төрагасы;
2.Осмоналиев Сулайман Калилжанович – Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу комиссиянын катчысы;
3.Эшейбай уулу Айбек – № 2 – 5 мандаттуу Ылай-Талаа шайлоо округунан депутат, жумушчу комиссиянын мүчөсү;
4.Мидинов Таалайбек Абдуракманович – № 1 – 5 мандаттуу Каманчы шайлоо округунан депутат, жумушчу комиссиянын мүчөсү;
5.Асанов Жамшитбек Асанович – ардагерлер кеңешинин төрагасы, жумушчу комиссиянын мүчөсү;
6.Жорубаева Сулуукан Токтобековна– аялдар кеңешинин төрайымы, жумушчу комиссиянын мүчөсү;
7.Шүкоев Бактыбек – № 4 – 8 мандаттуу Токбай-Талаа шайлоо округунан депутат, жумушчу комиссиянын мүчөсү;
8.Райымкулов Марс Камчыбекович – № 3 – 3 мандаттуу Сай шайлоо округунан депутат, жумушчу комиссиянын мүчөсү;
9.Ысмаилова Гүлмира Тойкуловна - № 4 – 8 мандаттуу Токбай-Талаа шайлоо округунан депутат, жумушчу комиссиянын мүчөсү;
Жооптуу катчы: | С. Осмоналиев |
| Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 26.11.2024-жылдагы № 1/6 токтомуна № 2 тиркеме |
МАКУЛДАШЫЛДЫ БЕКИТИЛДИ:
Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн башчысы: айылдык Кеңешинин төрагасы:
___________Б.Эргешбаев _______ А.Мойдунов
Ылай-Талаа айыл аймагындагы айылдардан элдик өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү көрсөтүү жана кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүүнүн
ГРАФИГИ
№ | Айылдардын аталышы | Күнү, убактысы | Өтө турган жери | Жооптуу кызматкерлер | Эскертүү |
1 | Сай | 4-декабрь, 12-00 | М.Баатыров мектебинде | А.Сыдыков, К.Абдыраимова |
|
2 | Шаркыратма | 5-декабрь, 12-00 | Ж.Айтбаев мектебинде | Б.Майлыбашов, Ж.Жалил уулу |
|
3 | Жылкол | 5-декабрь, 12-00 | Ж.Ибраимов мектебинде | К.Исаков, Т.Адыкова |
|
4 | Сары-Таш | 5-декабрь, 12-00 | Айылдагы мечиттин жаны | А.Саткынбаев,
|
|
5 | Токбай-Талаа | 4-декабрь, 12-00 | Айылдагы мечиттин жаны | К.Эргешов
|
|
6 | Орто-Талаа | 4-декабрь, 12-00 | Айылдагы Намазкананын жаны | М.Сарыбаев |
|
7 | Буйга | 4-декабрь, 12-00 | Айылдагы мечиттин жаны | Т.Мырзакматов
|
|
8 | Беш-Кемпир | 5-декабрь, 12-00 | Ж.Абидинов мектебинде | Т.Мырзакматов Т.Абдыкадыров |
|
9 | Ылай-Талаа, бөлүмдөрдө | 4-декабрь, 12-00 | Айылдагы жамааттын мечиттеринин жаны | Б.Майлыбашов, К.Исаков, Т.Саткынбаев |
|
|
|
|
|
|
|
5 | Ылай-Талаа | 7-декабрь, 10-00 | К.Ташбаев атындагы айылдык клубда | К.Исаков, Б.Саипова |
|
|
|
|
|
|
|
Жооптуу катчы: | С. Осмоналиев |