Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясынын жыйыны
2024-жылдын 13-сентябры № 6/4
Ылай-Талаа айыл аймагындагы Токбай-Талаа айылына коюла турган LED экранды алууга Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан долбоордун өздүк салымын айыл өкмөтүнүн бюджетинен карап берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна -“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2 - “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ылай-Талаа айыл аймагындагы Токбай-Талаа айылына коюла турган LED экранды алуу үчүн Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган бюджетинин эсебинен 143 990 ( бир жүз кырк үч миң тогуз жүз токсон ) сом акча каражатын өздүк салымдан төлөп берүү жагы Ылай-Талаа аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Козуевге милдеттендирилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Кадыркулов |