Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясынын жыйыны
2024-жылдын 13-сентябры № 6/10
Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө экскаватор сатып алууга Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан долбоордун өздүк салымын айыл өкмөтүнүн бюджетинен карап берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна -“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2 - “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө экскаватор сатып алуу алуу үчүн Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган бюджетинин эсебинен 2 181 000 ( эки миллион бир жүз сексен бир миң ) сом акча каражатын өздүк салымдан төлөп берүү жагы Ылай-Талаа аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Козуевге милдеттендирилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Кадыркулов |