Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 06-июну № 26/2
Жоош айыл өкмөтүнүн Ак Жар айылындагы Машрап сайдын жээгинен 6,25га жер аянтын ”Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн Ак Жар айылындагы Машрап сайдын жээгинен 6,25га жер аянтын ”Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө Кара Суу райондук мамлекеттик администрациясынын «Жерге болгон мамилелерди мыйзам чегинде жүргзүү жөнүндө » түзүлгөн райондук комиссиянын 04.06.2024-жылдагы кортундусунун жана Жоош айылдык кенешинин алдындагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиянын 05.06.2024-жылдагы кортундусунун жана комиссинын протоколу боюнча билдирүүнү угуп жана талкуулап чыгып, Жоош айылдык Кеңешинин VII чакырылыш кезексиз 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жоош айыл өкмөтүнүн Ак Жар айылындагы Машрап сайдын жээгинен 6,25га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | И. Ганыев |