Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 06-июну № 26/3
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги ”Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” №21 Мыйзамынын 8,10-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык берилген жер аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги үчүнчү маселелер боюнча Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарс Н.Токторбаевдин Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги”Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” №21 Мыйзамынын 8,10-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык берилген жер аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө ббилдтрүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VII чакырылыш кезексиз 26 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги ”Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” №21 Мыйзамынын 8,10-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык ,берилген жер аянтынын жогорку өлчөмү 0,16 га болуп белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | И. Ганыев |