Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 14-июну № 27/1
Жоош айылөкмөтүнүн аймагындагы «Ак-Алтын» акционердик коомунун филиалына тиешелүү болгон «Кум-Арык» пахта тазалоочу завод жайгашкан 8.48 га жер аянты менен мүлктүк комплекстерди муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Ак-Алтын» акционердик коомунун филиалына тиешелүү болгон «Кум-Арык» пахта тазалоочу завод жайгашкан 8.48 га жер аянты менен мүлктүк комплекстерди муниципалдык менчикке кабыл боюнча КараСуу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси М.Бойтоевдин бидирүүсүн угуп жана талкуулап, Жоош айылдык кенеши VII чакырылыш кезексиз 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Ак-Алтын» акционердик коомунун филиалына тиешелүү болгон «Кум-Арык» пахта тазалоочу завод жайгашкан 8.48 га жер аянты менен мүлктүк комплекстери мамлекеттик менчикке кабыл алынгандан кийин, муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | И. Ганыев |