Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-декабры № 768
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында кампа, кайра иштетүү, өндүрүштүк жана соода-логистикалык борборду заманбап технологияларды колдонуу менен курууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 13-июнундагы № 01-18/2067 корутундусун жана Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 11-майындагы № 01-15/169-т токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Достук участогунда № 282 контурда жайгашкан "Кадамжайайылкөмөк" акционердик коомунун жеке менчигинде турган жалпы аянты 3,0 га кайрак айдоо жери кампа, кайра иштетүү, өндүрүштүк жана соода-логистикалык борборду куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда көрсөтүлгөн жерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну;
- жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда жер участогунун менчик ээсине, жерди пайдалануучуга карата жер участогун баштапкы абалына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү;
- көрсөтүлгөн жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери табылганда же тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо зонасына кирип калганда "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоону;
- "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан башка категорияларга которулган (трансформацияланган) жерлердин аянтын калыбына келтирүү максатында региондордо асылдуулугу төмөн жана кайрак жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана тамчылатып сугаруу жолу менен аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 99 (3654) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |