Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 18-декабры ПЖ № 374
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу жана чыгымдарды оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктта:
3-пунктчада "300000000 (үч жүз миллион)" деген сөздөр "150000000 (бир жүз элүү миллион)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан графикке ылайык уставдык капиталды көбөйтүү үчүн 2028-жылга чейин белгиленген тартипте "МКУ" ААКка 5150000000 (беш миллиард бир жүз элүү миллион) сом өлчөмүндө акча каражатын тапсын жана этап-этабы менен бөлүп берсин;".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 99 (3654) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |