Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 20-декабры № 817-т
2024-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест" жоопкерчилиги чектелген коому түрүндөгү чет элдик ишкананын ортосундагы "Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында , "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест" жоопкерчилиги чектелген коому түрүндөгү чет элдик ишкананын ортосундагы "Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Бишкек шаарынын мэрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |