Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-декабры № 776
Кыргыз Республикасынын спорттук мекемелеринин типтүү жобосун жана типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө
Дене тарбия жана спорт тармагын андан ары өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектеби, региондук олимпиадалык резерв мектеби, республикалык спорт колледжи, спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар жана “Допингге каршы улуттук борбор” допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция жөнүндө типтүү жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинин, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектебинин, балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектебинин типтүү штаттары 2-тиркемеге ылайык;
3) Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинин, Жалал-Абад шаарынын региондук олимпиадалык резерв мектебинин типтүү штаттары 3-тиркемеге ылайык;
4) Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү боюнча жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясынын типтүү штаттары 4-тиркемеге ылайык;
5) “Допингге каршы улуттук борбор” допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекциянын типтүү штаты 5-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 657 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 337 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 820 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 81 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-августундагы № 415 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
2-тиркеме |
Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинин, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектебинин, балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектебинин ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
Директор | 1 |
Директордун орун басары | 1 |
Башкы бухгалтер | 1 |
Методист | 1; 2; 3 |
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 1 |
Кассир | 1 |
Чарба бөлүмүнүн башчысы | 1 |
Врач | 1 |
Массаж боюнча медициналык айым | 1 |
Эскертүү:
1. Машыктыруучу-окутуучунун 10 ставкасы болсо, методисттин 1 ставкасы; машыктыруучу-окутуучунун 20 жана андан ашык ставкасы болсо, методисттин 2 ставкасы; машыктыруучу-окутуучунун 30 жана андан ашык ставкасы болсо, методисттин 3 ставкасы каралат.
2. Кызматкерлердин штаттык бирдиги 40тан ашык болсо, бухгалтер кызмат орду киргизилет жана спорттук базанын болушу каралат.
3. Спорттук базалар болуп, алардын ортосундагы аралык 10 километрден ашык болгон учурда спорттук базанын башчысы кызмат орду каралат. Бул учурда спорттук базанын башчысынын кошумча штаттык бирдиги киргизилиши мүмкүн.
4. Лаборант (химсуутазалагыч) кызмат орду бассейн болгондо каралат.
5. Жайларды тазалоочу тазалана турган аянттын ар бир 500 кв. метрине 1 бирдик эсебинде киргизилет, эгерде тазалана турган аянт 500 кв. метрден аз болсо, жайларды тазалоочунун 0,5 ставкасы каралат.
6. Кароолчу кызмат орду өз алдынча имарат болсо, дем алыш жана майрам күндөрүндөгү ишти эске алуу менен имаратка 2,8 бирдик эсебинде каралат.
7. Автомобиль айдоочусу кызмат орду толук жүк менен иштеген ар бир автомобилге 1 бирдик эсебинде белгиленет, бирок уюмга 2 бирдиктен ашпоого тийиш.
8. Короо шыпыруучу кызмат орду тазалануучу аймактын 1 гектарына 1 бирдик эсебинде киргизилет.
9. Ветеринардык врач, кайышчы, темир уста кызмат орундары ат спортунун түрлөрү жайылтылган бардык БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ үчүн белгиленет.
10. Ат спортунун түрлөрү жайылтылган бардык БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ үчүн ат баккыч кызмат орду каралат: күндүзгү ат баккыч - аттын санына жараша (5 атка 1 бирдик); түнкү ат баккыч - атканалардын санына жараша (1 атканага 3 бирдик).
11. Ок атуу, азыркы беш таймаш, кайык айдоо жана спорттун парустук түрүнө адистешкен бардык БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ үчүн курал-жарактарды жана спорттук кемелерди оңдоо боюнча механик кызмат орду каралат.
12. Сүзүү бассейиндерин, спорттук курулмаларды, жатаканаларды тейлөө жана татаал жабдууларды оңдоо үчүн имараттарды комплекстүү тейлөө боюнча жумушчу кызмат орду каралат.
13. Көмөкчү жумушчу кызмат орду көмөкчү чарбанын 20 га жери болгон учурда каралат.
14. Катчы (иш кагаздарын жүргүзүүчү) кызмат орду БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ үчүн окуучулардын саны 400 жана андан көп болгондо каралат.
15. Имараттары, спорттук курулмалары бар бардык БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ үчүн электрик, слесарь-сантехник кызмат орундары белгиленет.
16. Тегиздиктеги спорттук курулмалары бар бардык БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ үчүн тегиздиктеги спорттук курулмаларды оңдоочу кызмат орду белгиленет.
17. Сезондук негизде дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук комплекстер болгон учурда, вахтер, гардеробчу кызмат орундары белгиленет.
18. Буксирлөөчү асма аркан жолу болгон учурда, буксирлөөчү асма аркан жол боюнча оператор, слесарь, механик кызмат орундары белгиленет.
19. Өздөрүнүн катуу отун жагылуучу от казаны бар мектептерде жылытуу мезгилине кезметте бир штаттык бирдик санында жумушчу-от жагуучу кызмат орду киргизилет; газ менен иштеген от казанга, автоматика болгон учурда, кезметте бир штаттык бирдик санында, автоматика болбосо, бир кезметке эки штаттык бирдик санында жумушчу-оператор кызмат орду киргизилет.
Электр от казандарын жылытуу үчүн пайдаланган отканаларда жылытуу мезгилине кезметте бир штаттык бирдик эсебинде жумушчу-оператор кызмат орду киргизилет. Борборлоштурулган жылытуу менен жабдууда (туруктуу нөөмөттү талап кылган иштөөчү бойлердик орнотмолор, жылуулук пункттары болгон учурда) жылытуу мезгилине кезметте бир штаттык бирдик эсебинде нөөмөтчү жумушчу кызмат орду киргизилет. Меш менен жылытылуучу мектептерде 10 мешке бир штаттык бирдик эсебинде, бирок мектепке 0,5 штаттык бирдиктен кем эмес от жагуучу кызмат орду киргизилет.
|
| 3-тиркеме |
Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинин, Жалал-Абад шаарынын региондук олимпиадалык резерв мектебинин ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
Административдик-башкаруу персоналы | |
Директор | 1 |
Директордун орун басары | 3 |
Башкы бухгалтер | 1 |
Бухгалтер | 2 |
Мамлекеттик тил боюнча адис | 1 |
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 1 |
Кадрлар боюнча адис | 1 |
Юрист | 1 |
Архивариус | 1 |
Эскертүү:
1. Машыктыруучу-окутуучунун 10 ставкасы болсо, методисттин 2 ставкасы; машыктыруучу-окутуучунун 20 жана андан ашык ставкасы болсо, методисттин 3 ставкасы; машыктыруучу-окутуучунун 30 жана андан ашык ставкасы болсо, методисттин 4 ставкасы каралат.
2. Спорттук-ден соолукту чыңдоо лагери болгон учурда спорттук-ден соолукту чыңдоо лагеринин башчысы кызмат орду каралат.
3. Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинде 1 штаттык бирдиктен ашпаган бухгалтер-кассир кызмат орду каралышы мүмкүн.
4. Башкы бухгалтер, бухгалтер, бухгалтер-кассир кызмат орундары кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюму борборлоштурулган бухгалтерия тарабынан тейленбеген учурда белгиленет.
5. Узундугу 25 метрге чейинки бассейн болсо, 2-3 бирдик, ал эми узундугу 25-50 метр болсо, 3-4 бирдик спорт боюнча инструктор кызмат орду киргизилет.
6. Лаборант (химсуутазалагыч) кызмат орду бассейн болгондо каралат.
7. Электрондук китепкана болгон учурда инженер-программисттин 1 бирдиги киргизилет.
8. Имараттын (окуу корпусунун, спорт комплексинин, жатакананын) коменданты кызмат орду төмөнкүлөргө коменданттын 1 бирдиги эсебинде белгиленет:
- окуу корпустарынын, спорттук корпустардын аянты 10000 кв.м, бирок билим берүү уюмуна бир бирдиктен кем эмес;
- жатаканаларда жашаган 300 окуучуга, бирок билим берүү уюмуна бир бирдиктен кем эмес.
Мында коменданттардын жалпы саны имараттардын, окуу корпустарынын жана жатаканалардын жалпы санынан ашпоого тийиш.
9. Чарба (кампа) башчысы кызмат орду товарларды кабыл алуу боюнча ар бир кампага 1 бирдик эсебинде киргизилет.
10. Катчы (иш кагаздарын жүргүзүүчү) кызмат орду кызматкерлеринин саны 15 жана андан ашык штаттык бирдик болгон мекемелер үчүн 1 штаттык бирдик эсебинде каралат.
11. Автомобиль айдоочусу кызмат орду толук жүктөм менен иштеген ар бир автомобилге 1 бирдик эсебинде, бирок уюмга 2 бирдиктен ашык эмес белгиленет.
12. Вахтер кызмат орду ар бир окуу корпусундагы жана жатаканадагы кезметке 1 бирдик эсебинде киргизилет.
13. Окуу корпустарынын жана жатаканалардын ар бир 3000 кв.м аянтына имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды учурдагы тейлөө боюнча жумушчунун 1 бирдиги, бирок уюмда 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
14. Сантехник кызмат орду суу түтүгү жана канализация менен жабдылган ар бир 2000 кв.м аянтка 1 бирдик эсебинде, бирок уюмга 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
15. Электрик кызмат орду ар бир 500 жарык берүүчү чекитке 1 бирдик эсебинде, бирок уюмга 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
16. Жыгач уста (столяр) кызмат орду ар бир 5000 кв.м аянтка 1 бирдик эсебинде, бирок уюмга 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
17. Багбан кызмат орду 2 га жашылдандыруу аянтына 1 бирдик эсебинде белгиленет.
18. Окуу жайда китепкана болгон учурда 250 жана андан ашык окуучу эсебинде китепкана башчысынын 1 бирдиги каралган.
19. Уюмда кир жуучу жай болсо, 250 жана андан ашык койка эсебинде бир билим берүү мекемесине кир жуучу жайдын башчысы - 1 бирдик, кир жууган машинист - 1,5 бирдик жана кирлерди комплектөөчү - 0,5 бирдик каралат.
20. Өз алдынча борбордук жылытуу болгон учурда жылытуу мезгилине ар бир отканада кезметке 1 бирдик эсебинде от жагуучу кызмат орду белгиленет.
Мындан тышкары отундун (көмүрдүн) жергиликтүү түрлөрүн колдонгон отканаларда күлдү чыгаруу үчүн от жагуучу кошумча 1 бирдиги белгиленет. Газ менен жылытууда кезметке газ отканасынын оператору кызмат ордунун 1 бирдиги белгиленет, ал эми коопсуздук автоматикасы жок отканалар болсо, кезметке 2 бирдик эсебинде откана оператору кызмат орду белгиленет.
Жылуулук пункту же элеватору бар билим берүү уюмдарында борборлоштурулган жылуулук менен жабдууда слесарь кызмат ордунун 1 бирдиги, ал эми бойлерлер жана насостор болсо (күнү-түнү нөөмөт талап кылынганда) - кезметке слесардын 1 бирдиги белгиленет.
21. Башкы ашпозчу, ашпозчу, ашкана кызматкери кызмат орундары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-октябрындагы № 627 "Кенже жана техникалык тейлөөчү кызматкерлердин убактысынын, ишинин, санынын типтүү ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык балдар санаториясы менен балдар үйүндөгүгө окшош киргизилет.
22. Короо шыпыруучу кызмат орду тазалануучу аймактын 1 гектарына 1 бирдик эсебинде киргизилет.
23. Кызматтык жайларды тазалоочу кызмат орду тазалануучу аянттын ар бир 500 кв. метрине 1 бирдик эсебинде билим берүү уюму эки жана үч кезметте иштегенде - кошумча, тиешелүүлүгүнө жараша тазалануучу аянттын ар бир 500 кв. метрине 0,12 жана 0,3 ставкадан киргизилет.
Коомдук дааратканаларды тазалоочу кызмат орду 15 уячага (очкого) 1 бирдик эсебинде, бирок уюмга 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
24. Кароолчу кызмат орду дем алыш жана майрам күндөрүндөгү ишти эске алуу менен кезметке 1 штаттык бирдик эсебинде окуу процессинин убактысын кемитүү менен киргизилет.
25. Тарбиячылардын саны дем алыш жана майрам күндөрүндөгү ишти эске алуу менен белгиленет: мектеп бөлүмүндө - 2,34 ставка.
Бир класс - топко тарбиячыларды эсептөөдө төмөнкүдөй ченем колдонулат: 1 тарбиячы = жумасына 30 саат.
26. Түнкү нөөмөт үчүн тарбиячынын жардамчысы кызмат орду төмөнкүдөй эсеп менен белгиленет: окуучулардын 4 тобуна 1 ставка, бирок мекемеде 100дөн ашык бала болсо, ар бир имаратка 2 ставкадан кем эмес.
27. 250 жана андан ашык окуучу болгон учурда музыкалык ийримдерди уюштуруу үчүн бир окуу жайына музыкалык жетекчинин 0,5 бирдиги, класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу - 1 бирдик киргизилет.
28. Эмгек боюнча инструктор кызмат орду уюмга 1 бирдик киргизилет.
29. Жатакана боюнча нөөмөтчү кызмат орду өз алдынча имарат болгондо, дем алыш жана майрам күндөрүндөгү ишти эске алуу менен бир имаратка 2,8 бирдик эсебинде каралат.
30. Медициналык персонал кызмат орду каралат, алардын саны окуучулардын санына жана спорттун түрүнө жараша саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленет.
31. Билим берүү процессин жүзөгө ашыруу үчүн педагогикалык жана окутуучулук курамдын штаттык курамы билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуунун негизинде түзүлөт.
|
| 4-тиркеме |
Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү боюнча жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясынын ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
Кызмат орду | Штаттык бирдиктердин саны |
Директор | 1 |
Директордун орун басары | 1 |
Ат майдан башчысы | 1 |
Башкы бухгалтер | 1 |
Бухгалтер | 1 |
Ат майдан бухгалтери | 1 |
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 1 |
Чарба башчысы | 1 |
Юрист | 1 |
Катчы-референт, иш кагаздарын жүргүзүүчү | 1 |
Кадрлар боюнча адис | 1 |
Басма сөз-катчысы | 1 |
Врач | 1 |
Массаж боюнча медициналык айым | 1 |
Эскертүү:
1. Дирекцияда спорттун 5 түрүнө 1 ставкадан, бирок методисттин 7 ставкасынан ашык эмес каралат.
2. Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү боюнча жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясында методисттерге региондор боюнча ЭКД боюнча функциялар жүктөлөт.
3. Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү боюнча жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясында, Спорттун олимпиадалык түрлөр боюнча дирекцияда 1 штаттык бирдиктен кем эмес бухгалтер-кассир кызмат орду каралышы мүмкүн.
4. Лаборант (химсуутазалагыч) кызмат орду бассейн болгондо каралат.
5. Жайларды тазалоочу тазалануучу аянттын ар бир 500 кв. метрине 1 бирдик эсебинде киргизилет, эгерде тазалана турган аянт 500 кв.м кем болсо, жайларды тазалоочунун 0,5 ставкасы каралат.
6. Көмөкчү жумушчу кызмат орду көмөкчү чарба - 20 га жер болгон учурда каралат.
7. Кароолчу кызмат орду өз алдынча имараты болгондо, дем алыш жана майрам күндөрүндөгү ишти эске алуу менен имаратка 2,8 бирдик эсебинде каралат.
8. Айдоочу кызмат орду толук жүктөм менен иштеген ар бир автомобилге 1 бирдик эсебинде белгиленет, бирок Дирекцияга 2 бирдиктен ашпайт.
9. Ат майдан болгон учурда ветеринардык врач, жаныбарларды багуу боюнча жумушчу, тракторист-машинист кызмат орундары каралышы мүмкүн.
10. Ат майдан болгон учурда аттардын санына жараша күндүзгү ат багуучу кызмат орду каралышы мүмкүн (5 атка 1 бирдик); түнкү ат багуучу - атканалардын санына жараша (1 атканага 3 бирдик).
11. Короо тазалоочу кызмат орду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-октябрындагы № 627 "Кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын убактысынын, санынын, иштеринин типтүү ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык киргизилет.
12. Сантехник кызмат орду суу түтүгү жана канализация менен жабдылган ар бир 2000 кв.м аянтка 1 бирдик эсебинде, бирок уюмга 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
13. Электрик кызмат орду ар бир 500 жарык берүүчү чекитке 1 бирдик эсебинде, бирок уюмга 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
14. Вахтер, гардеробчу кызмат орундары дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоо жана спорт комплекси болгондо мезгилдүү белгиленет.
15. Слесарь кызмат орду сүйрөөчү аркан жолу болгондо белгиленет.
16. Катуу отун менен иштеген өзүнүн отканасы бар мекемелерде жылытуу мезгилине кезметке бир штаттык бирдик санында жумушчу-от жагуучу кызмат орду; газ менен иштеген отканада кезметте бир штаттык бирдик санында жумушчу-оператор кызмат орду автоматика болгондо, автоматика жок болсо, кезметте эки штаттык бирдик санында киргизилет.
Жылытуу үчүн электр от казандарын колдонгон отканаларда жылытуу мезгилине кезметке бир штаттык бирдик эсебинде жумушчу-оператор кызмат орду киргизилет. Борборлоштурулган жылуулук менен жабдууда (туруктуу нөөмөттү талап кылган иштөөчү бойлердик орнотмолор, жылуулук пункттары бар болсо) жылытуу мезгилине кезметке бир штаттык бирдик эсебинде нөөмөтчү жумушчу кызмат орду киргизилет. Меш менен жылытылуучу мекемелерде 10 мешке бир штаттык бирдик эсебинде, бирок бир мекемеге 0,5 штаттык бирдиктен кем эмес от жагуучу кызмат орду киргизилет.
17. Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү боюнча жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясында саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча медициналык персонал кызмат орду кошумча каралышы мүмкүн.
|
| 5-тиркеме |
"Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекциянын ТИПТҮҮ ШТАТЫ
Кызмат орду | Штаттык бирдиктердин саны |
Директор | 1 |
Бөлүм башчысы | 1 |
Башкы бухгалтер | 1 |
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 1 |
Юрист | 1 |
Инспектор | 5 |
Эскертүү:
1. Жайларды тазалоочу тазалануучу аянттын ар бир 500 кв. метрине 1 бирдик эсебинде киргизилет, эгерде тазалана турган аянт 500 кв.м аз болсо, жайларды тазалоочунун 0,5 ставкасы каралат.
2. Кароолчу кызмат орду өз алдынча имарат болгондо, дем алыш жана майрам күндөрүндөгү ишти эске алуу менен бир имаратка 2,8 бирдик эсебинде каралат.
3. Автомобиль айдоочусу кызмат орду толук жүктөм менен иштеген ар бир автомобилге 1 бирдик эсебинде белгиленет, бирок Дирекцияга 2 бирдиктен ашпайт.