Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8 августундагы № 482 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 25-декабры № 794

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын аймагына мобилдик байланыш түзүлүштөрүн мыйзамсыз алып кирүүнүн алдын алуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо тартибинде:

–төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:

“10-1. Кыргыз Республикасынын аймагына жеке пайдалануу максатында чет өлкөлүк жарандар алып келген түзүлүштөр алар өлкөдө болгон мезгилде идентификациялоо операторунда убактылуу катталууга тийиш.

Убактылуу каттоо ушул Тартипке ылайык жалпы негиздерде жүзөгө ашырылат.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 101 (3656) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев