Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 18-декабры № 2638-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нышанов Джайлообай Данибаевичтин ант берүүсү;
“Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Торугарт – Жалал-Абад темир жолун долбоорлоо, куруу, каржылоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча инвестициялык макулдашуунун шарттары тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиин токтомунун долбоору жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси кызмат ордуна Касымалиев Адылбек Алешовичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордуна Амангельдиев Данияр Джолдошевичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин кызмат ордуна Сыдыков Бакыт Толомушевичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Касымалиев Адылбек Алешовичтин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүүсү.
Төрага |
| Н.Т. Шакиев |