Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-декабры № 2664-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 19-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 19-декабрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Ички суу транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Торагасы |
| Н.Т. Шакиев |