Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 11-декабры № 756
"Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Каракол мамлекеттик жаратылыш паркы" мамлекеттик мекемесин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
Экономика тармактарын мындан ары өнүктүрүү, контролдоо системасын күчөтүү, ошондой эле мекеменин натыйжалуу ишин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Каракол мамлекеттик жаратылыш паркы" мамлекеттик мекемесин колдонуудагы чектүү штаттык саны, эмгек акы төлөө шарттары жана мүлктүк комплекси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берсин.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 123 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Каракол мамлекеттик жаратылыш паркы" мамлекеттик мекемесин юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- бул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.
4. Министрликтер жана ведомстволор ушул токтомдон келип чыгуучу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У. Жапаров |