ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылынын 5-апрели №14
« Муниципиалдык ишкананы атын өзгөртүү жөнүндө».
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкананын атын өзгөртүп кайра түзүү жана уставын кабыл алуу боюнча М. Нуржакыповтун сунушун угуп жана жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. М. Нуржакыповтун сунушу менен “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасы эски айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканаларын бириктирүү менен “Жаңы доор” муниципалдык ишканасы болуп кайра түзүлсүн.
2. Мурунку түзүлгөн эки айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканаларынын мөөр, штамп, кириш- чыгыш атрибуттары жокко чыгарылсын.
3. Жаңы түзүлгөн “Жаңы –Доор ” муниципалдык ишканасынын типтүү уставы алымча кошумчалары менен кабыл алынсын.
4. Муниципалдык ишкананын штаттык бирдиги ишкананын уставы бекитилип келгенден кийин каралсын.
5. “Жаңы-Доор” муниципалдык ишкананасынын күбөлүгүн жасатып уставын жана башка иш-кагаздарын, мөөр, штампттарын, кириш-чыгыш атрибуттарын Жалал-Абад юстиция башкармалыгынан өткөрүп жакынкы арада оң жолго коюуу ишкананын жетекчиси М. Нуржакыповко милдеттендирилсин.
6. Кабыл алынган токтомду ишке ашыруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “ Жаңы- Доор” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М. Нуржакыповко милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун ишке ашырылышына контролдук кылуу айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
8. Токтомду контролдоо жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К. Эрмекбаевке жүктөлсүн.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.С. Ысырайылов. |