КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-декабры № 2673-VII
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59 жана 60-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 23-октябрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
1) Б.А. Марипов – Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин мүчөсү, макулдашуу тобунун тең төрагасы;
2) Н.У. Каимов – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары, макулдашуу тобунун тең төрагасы;
3) Бекешев Д. Д. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири;
4) Ү.У. Конкубаева – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары;
5) Э.Дж. Аширходжаев - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
6) Б.К. Арыкбаева – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |