Редакцияот 5.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2024-жылынын 5-апрели №16

 

«Муниципиалдык базар ачуу жөнүндө».

 

Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.О. Сатаровтун муниципалдык базар ачуу жана “Матыбай Ата” мал базар ээси К. Сасыкуловтун базарга жаңы жер бөлүп берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:

 

  1. Айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.О. Сатаровтун муниципалдык базар ачуу боюнча сунушу колдоого алынсын.
  2. Айыл өкмөтүнүн астындагы муниципалдык базар ачуу үчүн 5,0 га жер аянтчасын таап анын иш кагаздарын жана мамлекеттик каттоодон өткөрүп иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы М.О. Сатаровко жана айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Э.Ш. Ажыкуловко милдеттендирилсин.
  3. Айыл өкмөтүнө тиешелүү муниципалдык базар ачылганча чейин азыркы “Матыбай -Ата” базары убактылуу иштеп турсун.
  4. Жер маселеси чечилгенден кийин макулдашуу жолу менен “Матыбай -Ата” базарынын ээси К. Сасыкулов менен биргеликте иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
  5. Базардын иштөө күнү жумага туура келип калгандыктан jкуу процессине жана жол коопсуздугуна таасирин тийгизип жаткандыктан иштөө күнүн ишембиге жылдыруу боюнча жогорку жактарга элдин атынан сунуш кайрылуулар жөнөтүлсүн.
  6. Бул токтомдун ишке ашырылышына контролдук кылуу айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  7. Токтомду контролдоо жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К. Эрмекбаевке жүктөлсүн.
  8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Төрага

Ж.С. Ысырайылов.