ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылынын 5-апрели №19
« Бак дарак тигүү үчүн кунарсыз Татыр участкасынан 10 га жер бөлүп берүү жөнүндө ».
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын өкмөтүнө караштуу Бууракан айылынын тургуну Шакир уулу Нурсултандын бак дарак тигүү үчүн кунарсыз “Татыр” участкасынан 10 га жер жер бөлүп берүүбоюнча сунушун угуп жана талкуулап, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
- Шакир уулу Нурсултандын бак дарак тигүү боюнча сунушу негизинен колдоого алынсын.
- Бууракан айылынын тургуну Шакир уулу Нурсултанга “Татыр” участкасынын кунарсыз жайыт жеринен 10 га жер өздөштүрүү үчүн келишимдин негизинде берилсин, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Э.Ш. Ажыкуловко милдеттендирилсин.
- Шакир уулу Нурсултанга өздөштүрүлгөн жердин асылдуулугун артырып мыйзам чегинде пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун ишке ашырылышына контролдук кылуу айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Токтомду контролдоо жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
Т.К. Эрмекбаевке жүктөлсүн.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.С. Ысырайылов. |