Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)

2023-жылдын 27-январы №3

 

Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жана трансформация болуучу жерлердин программасын бекитүү жөнүндө

Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жана транформация болуучу жерлердин программасын бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Раззаков шаарына караштуу Кароол-Дөң участкасынан 290,84 га. (мурдагы 280,15 га жайыт жерине 10,69 га жер аянты кошулду) жайыт жерлеринен калктуу конушка;

 

2. Кароол-Дөң участкасынан 137,20 га. (мурдагы 143,39 га айыл чарба фондунун кайрак айдоо жеринен 5,89 га жери кыскарат) мамлекеттик фондунун кайрак айдоо жерлеринен калктуу конушка;

 

3. Кароол-Дөн участкасынан 84,0 га. мамлекеттик фондунун чөп чабынды жерлеринен калктуу конушка;

 

4. Кароол-Дөң участкасынан 8,4 га. (мурдагы 8,4 га жер аянты жайыт жери деп эсептелип калган) айдоо жеринен калктуу конушка;

 

5. Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын аймагындагы өтө муктаж болгон жана турак жай салууга арыз берген жарандарды жер тилкелери менен камсыздоо үчүн түзүлгөн программасын бекитүүгө макулдук берилсин.

 

6. Жер тилкелерин мыйзамдаштырууда иш-кагаздарын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик-укуктук актыларына ылайыкташтыруу жагы Раззаков шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

7. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Б.Т. Сапаев