Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын II кезектеги сессиясы
2024-жылдын 18-декабры №9
Ак-Терек айыл аймагына караштуу “Бар-Булак” термоминералдык
ысык суусуна түшүүгѳ (кирүү) тѳлѳѳ акысы жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаты Асанкадыр кызы Перизаттын сунушун угуп, талкуулап жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаттарынын сунушун угуп, талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Мурунку Кѳл-Тѳр айыл ѳкмѳтү менен Ак-Терек айыл ѳкмѳтү биригип, Ак-Терек айыл ѳкмѳтү болгонуна байланыштуу, азыркы Кѳл-Тѳр, Коңур-Ɵлѳң, Тогуз-Булак айылдарынын жергиликтүү тургундарына термоминералдык ысык сууга түшүүгѳ (кирүү) тѳлѳѳ акысы 20 (жыйырма) сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
3. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининтоктому Ь1сык-Кѳл областык
юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.Т. Ормуковага тапшырылсын.
Төрага Эркинбек уулу С.