Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын II кезектеги сессиясы
2024-жылдын 18-декабры №11
2024-жылга Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүнүн бюджетине дыйканардын үлүш жерлеринин жер салыгынан түшүүчү акча каражатын компенсация кылуу үчүн республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн 605,7 мин сомдун бѳлүнүшү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын бюджетине республикалык бюджеттен дыйкандардын үлүш жерлеринин жер салыгынан түшүүчү акча каражатын компенсациялоого түшкѳн 605,7 миӊ сом жѳнүндѳгү маселе боюнча, Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин докладын угуп, талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши током кылат:
1. Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн 605,7 миӊ сому тѳмѳндѳгүлѳргѳ жумшалсын: Дѳӊ-Талаа айылындагы 3 сааттык бала бакчаны 8 сааттык кылып узартуу үчүн имараттын ремонтунун материалдарына 356,0 миӊ сом, Комсомол айылында жаӊы ачыла турган бала бакчанын идиш аяк жана башка материалдарына 249,7 миӊ сом, баардыгы 605,7 миӊ сом бала бакчалардын 2222 беренесине каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төрага Эркинбек уулу С.