Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын II кезектеги сессиясы
2024-жылдын 18-декабры №13
Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын бюджетинин чыгаша бѳлүгүнүн теӊдештирүүчү грантына ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын бюджетинин чыгаша бѳлүгүнүн теӊдештирүүчү грантына ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн экономикиык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.М.Абдыраевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1. Аппаратын кызматкерлеринин эмгек акысынан социалдык фондуга которуусунан 2121 беренесинен 100,0миӊ сом жарандарга ѳзгѳчѳ кырдаал учурунда кийгенге форма алып берүү үчүн аппараттын 2223 беренесине жылдырылсын.
2. Аппараттын ар кандай чыгымдар үчүн теӊдештирүүчү гранттан 2215 беренесине каралган акча каражатынан 300,0 миӊ сом азайтылып, клубдардын 2222 беренсине 100,0 миӊ сом, ЖКХнын 2222 беренесине 200 миӊ сом жылдырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төрага Эркинбек уулу С.