Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 04-декабрындагы № 04-13/404 буйругуна
|
1-глава. Жалпы тартиптер
1. Ушул Тартиптер балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоо эрежелери жана штаттан тышкаркы балык коргоо инспекторлорун уюштуруунун жана ишинин тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартиптердин максаттары үчүн балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу органы караты Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти чыгат (мындан ары – балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу органы).
3. Балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоо төмөнкүлөр менен камсыз кылынат:
1) балык запастарын коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү боюнча эрежелерди, ченемдерди, мөөнөттөрдү жана талаптарды белгилөө;
2) балык ресурстарынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалына жана көбөйүшүнө таасир этүүчү объекттерди жана курулуштарды куруу долбоорлорунда каралган балык запастарын коргоо боюнча чараларды ишке ашыруу;
3) көлмөлөрдө суу топтогучтарды жана башка гидротехникалык курулуштарды эксплуатациялоодо жана суу биологиялык ресурстарына зыяндуу таасир тийгизген башка чарбалык иштерди жүргүзүүдө балык чарба көлмөлөрүнө жана балык запастарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу;
4) балык запастарын эсепке алууну жүргүзүү;
5) балык чарба көлмөлөрүндө балык өндүрүүнү чектөө жана алардагы балыктын жаңы түрлөрүн климатташтыруу;
6) балык запастарын сарамжалдуу пайдалануу жана көбөйтүү жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
7) суу биологиялык ресурстарынын жашоо чөйрөсүн жана кайра өндүрүү шарттарын коргоо жана жакшыртуу;
8) мыйзамсыз балык уулоодон же балык запастарын жок кылуудан келтирилген зыяндын ордун толтуруу;
9) балык запастарын пайдалануунун илимий жактан негизделген ченемдерин жана лимиттерин жана алардын кармоочу шаймандарына жана каражаттарына талаптарды белгилөө.
4. Суу биологиялык ресурстарынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалына таасир этүүчү же таасир этиши мүмкүн болгон чарбалык иштерди жүргүзүүдө балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөсүн, көбөйүү шарттарын жана балыктардын миграциялык жолдорун коргоо боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш.
5. Балыктын урук чачуучу, өрчүүчү жерлеринде, кыштоочу балык чуңкурларында, ошондой эле балыктардын миграциялык жолдору катары кызмат кылган көлмөлөрдүн тилкелеринде жардыруу, тереңдетүү, түбүн тазалоо жана топурак төгүү иштерин жүргүзүүгө жол берилбейт.
6. Балык чарбалык маанидеги суу объектилериндеги балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоону балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык коргоо органдарынын кызматкерлери жүзөгө ашырат.
7. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
– балык чарба көлмөлөрүнүн жээгиндеги аймактарды күйүүчү-майлоочу материалдар, нефть азыктары, курулуш, тиричилик жана башка таштандылар менен булгоого;
– балык урук чачуучу жерлерде же балык уулоо үчүн маанилүү болгон балык чарба дарыяларынын нугунда кум, шагыл казууга же таш жана шагыл материалдарын чогултууга.
8. Тез бузулуучу балык продуктыларын сактоонун мүмкүн эместигине байланыштуу айрым учурларда (күндүн ысыгы, калктуу пункттардан жана балык кабыл алуу пункттарынан алыстыгы, транспорт каражаттарынын жоктугу же бузулушу) тартип бузгандардан конфискацияланган, салмагы 10 килограммга чейинки балык, балыктын бул түрлөрү боюнча соода уюмдары тарабынан белгиленген учурдагы кабыл алуу баалары боюнча республикалык бюджеттин кирешесине калган балыктын акысын төлөп берген шартта, бул жөнүндө протоколдо көрсөтүү менен тартип бузуучуга калтырылышы мүмкүн.
9. Балык уулоо эрежелерин бузуучулардан алынган балык уулоонун тыюу салынган куралдары айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук уюму тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан жок кылуу үчүн айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилүүгө тийиш.
3-глава. Балык уулоо эрежелерин бузгандык үчүн
жоопкерчилик
10. Балык чарбасынын жана балык запастарын коргоонун эрежелерин бузган адамдар Кыргыз Республикасынын кылмыш мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
11. Мыйзамсыз балык уулоонун натыйжасында Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндөгү суу биологиялык ресурстарына келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен балык запастарына келтирилген зыянды эсептөөнүн ченемдерине ылайык тартип бузуучу тарабынан толтурулат.
12. Мыйзамсыз кармалган балык жана андан жасалган балык
продукциясы жана икра, ошондой эле мыйзамсыз балык уулоо шаймандары, анын ичинде сүзүү каражаттары Кыргыз Республикасынын кылмыш мыйзамдарында жана укук бузуулар боюнча мыйзамдарында белгиленген тартипте балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан алынууга жатат.
13. Суу объектилеринде браконьерлик кылган адамдар табылбай же укук бузуу болгон жерден качып кеткен учурларда, укук бузуу жасалган жерде табылган объекттерилик жасоонун шайманы, куралы, объектичи болуп саналган балык уулоочу торлорду, сүзүүчү каражаттарды жана балыктарды актыда көрсөтүү менен, балык чарбасынын кызматкерлери браконьерлик фактысы жөнүндө акт түзөт.
14. Алынган балык уулоочу куралдар жана балык уулоодо колдонулган кайыктар укук бузуучунун жоопкерчилиги жөнүндө маселе сот тартибинде чечилгенге чейин балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кампаларында сакталат.
15. Мыйзамсыз кармалган балыктарды алуу жарандарды балык запастарына келтирилген зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт.
16. Балык запастарына келтирилген зыян боюнча дооматтар мыйзамсыз кармалган балыктарга карата гана коюлат.
17. Көлмөлөрдө жана алардын жээктеринде каттоодон өткөн балык кармоочу кайыктарды гана пайдаланууга жана сактоого уруксат берилет. Көлмөлөрдө жана алардын жээктеринде катталбаган балык кармоочу кайыктарды пайдаланган жана сактаган адамдар балык кармоонун эрежелерин бузуучулар болуп саналат.
18. Ушул Эрежелердин аткарылышын контролдоо балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык чарба инспекторлору тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 05/2-17/39
буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ