Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 05/2-17/39
буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 04-декабрындагы № 04-13/404 буйругуна |
Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балык чарбаларын уюштуруу жана балык уулоону жүргүзүү үчүн көлмөлөрдү жана балык уулоо участокторун бекитүүнүн тартиби
1-глава. Жалпы тартип
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балык чарбаларын уюштуруу жана балык уулоону аткаруу үчүн көлмөлөрдү бекитип берүү шарттарын жана тартиптерин аныктайт.
2. Ушул Тартиптин максаттары үчүн балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы катары Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти чыгат (мындан ары - балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган).
3. Бул Тартипте төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) акватория – табыгий чектер, жасалма жана шарттуу чек аралар менен чектелген көлмө суу бетинин тилкеси;
2) балык чарба маанидеги суу объекттери – балык чарбасы жана балык уулоо үчүн колдонулган же колдонулушу мүмкүн болгон табыгий жана жасалма көлмөлөр, суулар, ошондой эле алардын айрым тилкелери;
3) вегетациялык мезгил – жаратылыш факторлору менен байланышкан балкытын өсүшү үчүн жагымдуу болгон (абанын жана суунун температурасы, жарык күндүн узактыгы жана башкалар) балык өстүрүү сезону, ал, эреже катары, апрелден октябырга чейин созулат;
4) табыгий балык өндүрүмдүүлүк – бул, анын табыгий азык базасынын (кг/га) эсебинен көлмөнүн аянтынын бирдигине карата балык биомассасынын саны;
5) суунун күзгүсү - жээк менен чектелген ачык көлмөлөрдүн суу беттери;
6) зообентос - балыктар үчүн азык болуп саналган, көлмөнүн түбүндө отурукташкан суу организмдеринин топтому,
7) зоопланктон – балык үчүн азык болуп саналган, суу катмарында отурукташкан, суунун агымы менен акырындап жүргөн суу тоют организмдеринин топтому;
8) тоют коэффициенти – бул балык массасынын 1 кг алыш үчүн балык тарабынан желген табыгий же жасалма тоюттун сандык катышы;
9) көлмөнүн паспорту – бул балык чарбалык өздөштүрүү үчүн көлмөнүн балык чарба потенциалын аныктоо максатында көлмөнүн физикалык-химиялык жана балык өстүрүүчү-биологиялык параметрлеринин мүнөздөмөлөрүн камтыган документ: морфометриялык, гидрологиялык, гидрохимиялык, гидрофизикалык, гидробиологиялык, географиялык жана башка балык чарбалык мүнөздөмөлөр;
10) балык уулоо (балык кармоо, уулоо) – балыкты, суу омутркасыздарды жана башка суу биологиялык ресурстарды алардын жашаган чөйрөсүнөн кармоо, ал балыкты жана суу омурткасыздарды өндүрүштүк алуу, ошондой эле, балык чарба көлмөлөрүнөн ышкыбоз жана спорттук балык уулоо жолу менен жүзөгө ашырылат;
11) балык өстүрүү – балык чарба көлмөлөрүн балыктандыру учүн икраны жана балыктын баалуу түрүнүн жаш балыктарын инкубациялоо;
12) балык чарба – балык чарба маанидеги суу объекттериндеги жана башка балыктардын түрдүк курамын жакшыртууга, ошондой эле товардык балыкты, балыктын урук жана асыл тукум материалдарын өстүрүү, кармоо, кайтаруу жана кайра иштетүү боюнча ишти уюштурууга багытталган балык өстүрүү, балык уулоо, балык запастарын көбөйтүү жана коргоо системасы;
13) балык өстүрүүчү биологиялык негиздеме (БӨБН) – бул балык чарбасын (балык өстүрүү, балык уулоо жана балык көбөтүү) өздөштүрүү үчүн суу объектилеринин гидрофизико-химиялык, гидрологиялык жана суу-биологиялык дараметин орнотууга мүмкүндүк берүүчү иш-чаралардын комплекси (көлдөр жана/же алардын тилкелери, суу сактагычтар, көлмөлөр, дарыялар);
14) балык уулоо документтери – балык уулоо билеттери жана эсепке алуу документтери (журналдар, ведомосттор, өндүрүш билеттери жана уулоону, топтоону, ташып жеткирүүнү, икраны инкубациялоону, өстүрүүнү, жаш балыктарды чыгарууну жана көлмөлөрдү балыктандырууну эсепке алуу актылары);
15) рекрациялык максаттарда балык өстүрүү – ышкыбоз жана спорттук балык уулоо тартибинде товардык балыкты кармоо боюнча калкка кызмат көрсөтүү максатында жасалма шарттарда товардык балыкты көбөйтүү жана өстүрүү ишмердүүлүгү;
16) балык өнөр жай чарбасы – негизги иши балык уулоочу көлмөлөрдөн жана балык уулоочу жайлардан балык уулоо (кармоо), кийин кармалган балыктарды кайра иштетүү же сатуу болуп саналган чарба;
17) балык өстүрүү чарбасы – көлмөлөрдө товардык балыкты жана/же балык отургузуу материалдарын өстүрүү максатында түзүлгөн чарба;
18) рекреациялык ишкердик – ышкыбоз жана спорттук балык уулоо менен байланыштуу эс алуу жайларын түзүү жана тиешелүү деңгээлде күтүүгө багытталган ишкердик;
19) рекреациялык балык уулоо чарбасы – негизги иши бекитилип берилген көлмөлөрдө балыктандыруу, балык чарба мелиорациясы, зарыл болгон инфраструктураны түзүү жана ышкыбоз жана спорттук балык уулоо чөйрөсүндө жарандарга акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү болуп саналган чарба;
20) балык өндүрүмү – көлмө аянтынын бирдигинен алынган балыктын жалпы биомассасы (кг) же белгилүү бир мезгил (сутка, декада, ай, вегетациялык мезгил) ичиндеги өлчөмү;
21) көл-товардык балык чарба (КТБЧ) – бул чарбалык баалуулугу төмөн балыктарды кармоонун, аларга баалуу товардык балыктарды жайгаштыруунун, өстүрүүнүн жана андан кийин кармоонун эсебинен аларда ихтиофаунаны толук же жарым-жартылай алмаштыруу жолу аркылуу көлмөлөрдү балык чарбалык пайдаланууну жакшыртуу менен иш алып барган чарба;
22) балык чарбасын жана балык уулоону уюштуруу жана жүргүзүү – балык чарба субъекттеринин балыкты жана башка суу биоресурстарын өстүрүү, кармоо, кайра иштетүү жана кийин сатуу жолу менен балык чарба ишин жүзөгө ашыруусу;
23) көлмөнү пайдалануучулар – балык өстүрүү, балык көбөйтүү жана балык уулоо тармагында иш алып барган балык заводдору, балык чарбалары, балык чарба ассоциациялары, коомдук бирикмелер жана башка балык чарба субъекттери;
24) товардык балык өстүрүү – аны кийин көлмөдөн кармоо жана сатып өткөрүү максатында товардык балыкты көбөйтүү, өстүрүү жана багуу менен байланышкан ишмердүүлдүк.
2-глава. Көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин
бекитүү тартиби
4. Көлмөлөрдү же алардын айрым тилкелерин пайдаланууга берүү, көлмө же балык уулоо тилкелерин балык чарбасын, же балык уулоону уюштуруу үчүн сынакты жеңип чыккан пайдалануучуларга бекитип берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. 4. Көлмөрдү же алардын айрым участокторун пайдаланууга берүү конкурста жеңип чыккан пайдалануучуларга балык уулоо участкаларын же балык чарбаларын уюштуруу жана жүргүзүү үчүн көлмөлөрдү же балык уулоочу участокторду бекитип берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
5. Балык чарбаларын же балык уулоону уюштуруу максатында пайдалануучуларга көлмөлөрдү же анын тилкелерин бекитип берүү, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан, аларды кийин балык чарбасына өздөштүрүү, балык чарбаларын орнотуу жана уюштуруу максатында, өткөрүлгөн конкурстун тандоо жыйынтыгы боюнча балык өстүрүү-биологиялык негиздеменин негизинде жүзөгө ашырылат.
6. Конкурстук комиссиясынын протоколунун негизинде 10 күндүк мөөнөттө балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен конкурстун жеңип чыккан пайдалануучунун ортосунда балык чарбасын же балык уулоону жүргүзүү үчүн көлмөнү же балык уулоо тилкесин бекитип берүү жөнүндө келишим түзүлөт.
7. Көлмөнү же балык уулоо тилкесин бекитип берүү жөнүндө келишим тиешелүү көлмөнүн же балык уулоо тилкесинин карта-схемасын тиркөө менен эки нускада түзүлөт (паспорттун формасы 4-тиркеменин А тиркемесинде же 1: 50000 масштабындагы чектери түшүрүлгөн балык уулоо участогуна тиркемеде).
Келишимдин бардык нускаларына эки тарап кол коюп, мөөр басылат.
8. Көлмөнү же балык уулоо тилкесин бекитип берүү жөнүндө келишим таризделгенден кийин балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган пайдаланууга берилген көлмөнүн же анын айрым тилкелеринин чектерин белгилейт жана аларды пайдалануучулардын ортосунда бөлүп берет. Көлмөнүн (көлмө тилкелеринин) карта-чиймеси тиркелген келишимдин бир нускасы балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда калат, экинчиси – көлмөнү же анын айрым тилкелерин колдонууга алган пайдалануучуга берилет.
9. Көлмөнү же анын айрым тилкелерин бекитип берүү келишиминин негизинде пайдалануучуга бекитилип берилген көлмөлөрдө же анын айрым тилкелеринде балык уулоого, кармоого укук берген балык уулоо жана эсепке алуу документтери берилет.
10. Табыгий жана жасалма көлмөлөрдө балык чарбаларын уюштуруу жана балык уулоону жүргүзүү үчүн балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган балыктын жашаган, өстүрүлгөн жана кармалган чөйрөсү катары көлмөлөрдүн же анын айрым тилкелеринин суу акваторияларын (суу мейкиндигин) пайдалануучуга бекитип берет.
11. Балык өстүрүү жана балык багуу максаттарында көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин бекитип берүү он жылдык мөөнөткө, ал эми балык уулоо максаттарына бир жылдык мөөнөткө берилет.Келишим ага эки тарап кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
12. Пайдалануучуга балык өстүрүү, балык көбөйтүү же балык уулоо максаттарында бекитилип берилген көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин субижарага берүүгө тыюу салынат.
13. Эгерде пайдалануучуга бекитилип берилген көлмө же балык уулоо тилкеси максаттуу колдонулбаса, же пайдалануучу тарабынан келишим шарттары ар дайым бузулуп, же аткарылбай келсе, келишим балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.
14. Көлмөнү максаттуу пайдаланбай же көлмөнү тараптар ортосунда түзүлгөн келишимде каралбаган максаттарда пайдалануу, көлмөнү же анын айрым тилкелерин балык чарбасы үчүн пайдаланууга каралган белгиленген акыны төлөөдөн бошотпойт.
15. Көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин пайдалануу укугун үчүнчү жактарга берүүгө жана өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
16. Көлмөнү же анын айрым тилкелерин пайдалануу укугу күрөө объекти боло албайт.
3-глава. Балык өстүрүү жана балык көбөйтүү максаттарында
суу объекттерин пайдалануу үчүн акы өлчөмүн
аныктоо методикасы
17. Пайдалануучуга бекитилип берилген көлмөнүн же анын айрым тилкелеринин авкаториясынын аянты суу күзгүсүнүн үстү боюнча суу акваториясы менен белгиленген чектер менен же көлмөнүн айрым тилкелерин пайдалануучулар ортосунда бөлүштүрүү учурунда карта-схемада белгиленип түшүрүлгөн шарттуу чектер менен чектелет.
18. Сугат багытындагы эмес көлмөлөрдү (балык өстүрүү жана балык көбөйтүү максаттары үчүн суу жер астындагы булактардан алынган, сугат үчүн пайдаланылбаган көлдөр, он күндүк бассейндер жана суткалык жөнгө салынуучу бассейндер, мында сугатка суу берилбейт) пайдалануудагы акы өлчөмү суу күзгүсүнүн бети (суу акваториясынын аянты) боюнча көлмөнүн же балык уулоочу участоктун балык чарба паспортунун негизинде аныкталат.
19. Көлмө акваториясынын аянты вегетациялык мезгилде энергетикалык жана ирригациялык максаттарда сууну төгүүсүнө байланыштуу өзгөргөн (суу сактагычтар, он күндүк бассейндер жана суткалык жөнгө салынуучу бассейндер) суу сактагычтарды энергетикалык жана ирригациялык максаттарда пайдаланууда төлөмдүн өлчөмү көлмөнүн суу күзгүсүнүн бетинин иш жүзүндөгү аянты менен аныкталат. Көлмөнүн суу күзгүсүнүн бетинин аянты сууни төккөндөн кийин иш жүзүндөгү аянт катары кабыл алынат жана балык чарба, суу чарба, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын адистеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук бирикмелердин .катышуусунда комиссия тарабынан атайын жабдууларды жана компьютердик программаларды колдонуу менен белгиленет. Бардык вегетациялык мезгилде бул көлмөлөрдөгү суу күзгүсүнүн бетинин аянтынын өзгөрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөр жок болгондуктан, пайдалануу үчүн акы суу сактагычтын суу күзгүсүнүн бетинин иш жүзүндөгү аянты үчүн төлөнөт.
20. Балык өстүрүү жана балык көбөйтүү максаттары үчүн суу объектилерин пайдалангандыгы үчүн акынын өлчөмү суу объектилеринин табигый балык продуктуулугуна жараша, товардык балыктарды жана балык уруктарын өстүрүү үчүн суу сактагычтардын (зоопланктон, зообентос) табигый азык-түлүк запастарын пайдалануунун эсебинен аныкталат.
21. Суу объекттерин пайдаланууга акы өлчөмүнүң эсеби төмөнкү формула боюнча аныкталат:
П = ФпхК1хК2хК3хК4хS, мында
П – пайдалануу үчүн акы өлчөмү (сом менен 1 вегитациялык мезгил үчүн);
Фп – суу объектисинин суу күзгүсүнүн 1 га аянты үчүн акынын белгиленген чоңдугу;
К1 – көлмөнүн түрүн эске алган коэффициенти (1-таблица);
К2 – топурак сапатын эске алган көлмөлөрдүн табыгий өндүрүмдүүлүгүнүн коэффициенти (2-таблица);
К3 – суу объектисинин тереңдигин эске алган коэффициенти (3-таблица);
К4 – суу объектисинин жогорку жана суу өсүмдүктөрү менен өсүп кетишин эске алган коэффициенти (4-таблица);
S – суу объектисинин суу күзгүсүнүн аянты.
22. Төлөмдүн белгиленген чоңдугун аныктоо төмөнкүдөй ишке ашырылат:
1) белгиленгген чоңдукту эсептеп чыгуу үчүн көлмөнүнү эң төмөн табыгий балык өндүрүмдүүлүгү (атап айтсак, суу сактагычтар, БДР, БСР), башкача айтканда, бир вегетациялык мезгилде көлмөнүн 1 га аянтынан гидробионттардын табигый тоют базасын керектеген балыктын массасынын өсүшү алынган.
5 деген маанидеги продукциянын өсүшүнүн (Р) орточо биомассага (В) катышы болуп саналуучу зообентос продукциясынын эсебинен балык продукциясына баа берүү үчүн орточо продукция-биомассалык коэффициент (Р/В) колдонулат.
Зообентос боюнча мүмкүн болуучу балыктын өндүрүмдүүлүгүнүн эсептөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
V – зообентос организмдеринин эсебинен балык продукциясынын өлчөмү;
S – биотоптун/көлмөнүн аянты;
В – зообентостун орточо биомассасы, г/м2;
R– балык-бентофагдар менен зообентосту пайдалануунун коэффициенти – 70 %;
КК – зообентос организмдеринин тоют коэффициенти – 6 түзөт;
2) зооплактон боюнча балык өндүрүмүн эсептеп чыгууда, орточо өндүрүштүк-биомасса коэффициенти колдонулат (Р/В), анын мааниси – 15.
Зооплактон боюнча балык өндүрүмдүүлүн эсептеп чыгуу төмөнкү формула боюнча жүзөгө ашырылат (бүтүндөй вегетациялык мезгил үчүн орточо көрсөткүчтөр):
мында:
V – зоопланктондордун эсебинен балык продукциясынын өлчөмү;
W – суунун өлчөмү;
В – зоопланктондун орточо биомассасы, г/м3;
R –балыктар менен зоопланктонду колдонуу коэффициенти;
КК – зоопланктондун тоют коэффициенти, ал зоопланктон организмдери үчүн - 10 түзөт.
Эсептеп чыгуулар:
3) зообентос боюнча (иш жүзүндө) Кыргыз Республикасынын суу сактагычтары үчүн эсептеп чыгуу (зообентостун орточо биомассасы -– 1,432 г/м2):
Бардыгы: 0,835 г/м2 или 8,35 кг/га
4) зоопланктон боюнча (иш жүзүндө) зоопланктондун орточо биомассасы -0,14 г/м3:
Бардыгы: 0,105 г/м3 или 1,05 кг/га
5) Бардыгы : 8,35 кг + 1,05 кг = 9,4 кг/ га жалпы балык продукциясы;
6) 9,4 кг/га Х 50 сом = 470 сом.
(Эскертүү: 1 кг чоң бөлүктөлрүн, ошондой эле лосось жана сиг балык түрлөрүн атайын пайдалангандыгы үчүн ставкалар “Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын жана аларды алуу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 715 токтому менен бекитилген).
470 сом – бул бир вегетация мезгили үчүн суу сактагычтын 1 га суу күзгүсүнүн бетин пайдалангандыгы үчүн белгиленген акы төлөө өлчөмүнүн тарифтери (бул жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин атайын пайдалануунун ставкасына жараша болот).
23. Коэффициенттердин мааниси:
Суу объектисинин түрүн эсепке алган
коэффициенттин мааниси (К1)
1-Таблица
№ | Суу объектинин түрү | Коэффициенттин мааниси |
1 | Суу сактагыч | 1.0 |
2 | Көлмө | 1.1 |
3 | Көл | 1.2 |
4 | Туюк табыгий көлмө (карьер) | 1.2 |
Суунун сапатын эске алуучу көлмөлөрдүн табыгий өндүрүмдүүлүгүнө түзөтүүчү коэффициент (К2)
2-Таблица
Топурак түрү | Коэффициент |
Майда таштуу | 0.4 |
Чымдуу | 0.5 |
Кумдуу жана шордуу | 0.6 |
Жогорку өндүрүмдүү кыртыш (кара топурак ж.б.) | 1.2 |
Суу объектинин тереңдигин эске алуучу коэффициенттин мааниси (К3)
3-Таблица
Нормалдуу тирегич деңгээлинде суу объектисинин орточо тереңдиги | Коэффициенттин мааниси |
1,5 м тартып 2,5 м чейин | 1.2 |
1,5 м чейин жана 2,5 м жогору | 1.0 |
Суу объектисинин жогорку жана суу өсүмдүктөрү менен өсүп кетишин эске алган коэффициенти (К4)
4-Таблица
Суу объектисинин өсүмдүк менен капталуу пайызы | Коэффициенттин мааниси |
30 % чейин | 1.2 |
30 % тартып 60 % чейин | 1.0 |
60 % жогору | 0.7 |
4-глава. Балык чарбаларын жана балык уулоону уюштуруу тартиби
24. Табыгий жана жасалма көлмөлөрдө балык чарбасын уюштуруу жана балык уулоо иштерин жүргүзүү үчүн балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган көлмөлөрдүн же алардын айрым тилкелеринин суу акваториясын (суу мейкиндигин) балыктын жашоо, өстүрүү жана кармоо чөйрөсү катары пайдалануучуларга бекитип берет.
25. Балык чарбалары өз иш багыттары боюнча төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
– балык өнөр-жайы чарбалары;
– балык өстүрүү чарбалары;
– рекреациондук балык уулоо чарбалары.
26. Балык өстүрүү чарбаларына урукту чачуу-өстүрүү чарбалары, балык питомниктери, инкубациялык цехтер жана икраны инкубациялоо, жаш балыкты жана суу тоют организмдерин өстүрүү боюнча иштерди аткаруу үчүн балык өстүрүү-өндүрүш базасына ээ болгон балык көбөйтүүчү заводдор, ошондой эле дыйкан фермердик балык чарбаларында, көлдө, садокто товардык балык продукциясын өстүрүүгө адистешкен чарба түрүндөгү балык чарбалар кирет.
27. Балык уулоо балык чарба көлмөлөрүндө же анын айрым тилкелеринде пайдалануучуларга, илимий жана коомдук уюмдарга суу биоресурсарын пайдаланууга укук берүү менен жүзөгө ашырылат.
28. Балык уулоо балыкты, суу омурткасыздарды жана тоют объекттерин өнөр-жайлык кармоо, ошондой эле балык чарба көлмөлөрүндө жана жалпы колдонуудагы көлмөлөрдө же алардын айрым тилкелеринде ышкыбоз жана спорттук балык уулоо жолу менен жүзөгө ашырылат. Өнөр жайлык, ышкыбоз жана спорттук балык уулоонун тартиби жана шарттары балык уулоонун колдонуудагы эрежелери менен белгиленет.
29. Көлмөлөрдү пайдалануучулар, көлмөлөр жана балык уулоо тилкелерин пайдаланууга түзүлгөн келишимдин жана балык уулоонун бөлүнүп берилген лимитинин (чектеринин) негизинде, балык уулоо жана эсептөө документтерин алгандан кийин өнөр-жай, ышкыбоз жана сүйүүчүлүк балык уулоону уюштурууга, ал эми жарандар балык уулоо билеттерин жана карточкаларын алгандан кийин укук алышат.
30. Балык чарба көлмөлөрү жана балык запастары менен пайдалануу аларды чарбалык же рекреациондук ишке тартууда камтылат.
31. Көлмөлөр жана суу биоресурстары, суу ресурстары төмөнкү максаттар үчүн сунушталышы мүмкүн:
– контролдук уулоо жолу менен балыкты илимий, ихтиологиялык максаттар үчүн кармоо;
– балык өстүрүү, кайра өндүрүү жана суу биоресурстарынын акклиматташтыруу максаттарында балыкты кармоо;
– балыкты өнөр-жай, ышкыбоз жана спорттук балык уулоо максаттарында кармоо.
32. Контролдук уулоо жолу менен балыкты илимий, ихтиологиялык максаттарда кармоо балык запастарын жана алардын тоют базасынын орун алышына, бөлүштүрүлүшүнө жана абалына баа берүү, жалпы уруксат берилүүчү балык уулоону аныктоо, балык уулоо лимиттерин (квоталарын) белгилөө жана балык уулоо режимин жөнгө салуу максатында жүзөгө ашырылат.
33. Балык өстүрүү, кайра өндүрүү, акклиматаштыруу жана суу биоресурстарын көчүрүү максатында балыкты уулоо төмөнкүлөр үчүн жүзөгө ашырылат:
1) белгиленген божомол-тапшырманы жана балык запастарын кайра өндүрүү жана суу биоресурстарын акклиматташтыруу чөйрөсүндө мерчемделген иш-чараларды аткарууга;
2) топтолгон ихтиологиялык материалды кармоо, талдоо жана изилдөө аркылуу өнөр-жай балык түрлөрүн өндүрүүчүлөрдүн урук чачуу мезгилинин башталуу жана аяктоо мөөнөттөрүн аныктоо;
3) өндүрүүчүлөрдү кармоо жана балыктын кайра өндүргөн түрлөрүнөн инкраны топтоо;
4) балыктын өндүрүүчү оңдоо-энелик үйүрүн түптөө;
5) балык запастарын жасалма өндүрүү ишканаларында оңдоо-энелик үйүрүн түптөө;
6) баалуу өнөр-жай балык түрлөрүнүн икраларын жана жаштарын көлмөгө чыгарган жерлерде аларды жеп салуу учурларын алдын алуу максатында жырткыч, анча бааланбаган жана кереги жок балыктарды уулоо;
7) төмөнкү максаттарда акклиматташтыруу объекттерин балык чарба маанисиндеги суу объекттерине кармоо жана көчүрүү:
– ихтиофаунанын популяциясын байытуу жана жаңы көлмөлөрдү балык чарбачылык өздөштүрүү;
– баалуу балык түрлөрүнүн туруктуу өнөр-жай запастарын түзүү;
– балык чарба маанисиндеги суу объекттеринин тоют базаларын жакшыртуу.
34. Ышкыбоз жана спорттук максаттарда балык уулоо жарандардын жеке керектөөсү үчүн, киреше алууну көздөбөгөн, эс алуу (рекрациялык максатта) жана спорт менен машыгуу максатында жүзөгө ашырылат.
35. Ышкыбоз жана спорттук балык уулоо укуктары менен Кыргыз Республикасынын бардык жарандары жана анын аймагында жашаган же келишкен чет өлкө жарандары балык уулоо боюнча атайы билеттин же карточканын негизинде пайдалана алышат.
36. Обочолонгон пайдаланууда жана муниципалдык менчикте турган көлмөлөрдө ышкыбоз жана спорттук балык уулоо белгиленген көлмөлөргө ээлик кылуучулардын жана менчик ээлеринин уруксаты менен жүзөгө ашырылат.
37. Балык субъекттерине бекитилип берилбеген балык чарба объектилеринде жаратылыш суу чөйрөсүндө жашаган жана табыгий жол менен көбөйгөн балык жана башка суу омурткасыздарын ышкыбоз жана спорттук балык уулоо, балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бегиленген балык уулоо билеттеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
38. Бекитилип берилген көлмөлөрдө жасалма кайра өндүрүү жана балык олтургузуу материалдары менен балыктандыруу жолу аркылуу өстүрүлгөн ышкыбоз жана спорттук уулоо объекттерин кармоо, пайдаланылып жаткан көлмөлөрдү ар дайым балыктандырып туруу, көлмөгө салынып жаткан жаш балыктардын эсебин жүргүзүү жана балык уулоо үчүн көлмөлөрдү балыктандыруу актылары орун алган шартта, балык субъекттери тарабынан берилген жолдомолор боюнча жүзөгө ашырылат.
39. Көлмөдө болгон күнүнө карабастан, бир адамга үч килограммдан ашпаган ченемде үч тар манжалуу ракты кармоого уруксат берилет. Рактын диаметри 60 сантиметрден ашпоого тийиш.
40. Бекитилип берилген көлмөлөргө чыгарылып жаткан тиешелүү түрдөгү жаш балыктарды эсепке алуу, комиссиянын балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, жаратылышты коргоо жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда пайдалануучу тарабынан жүзөгө ашырылат.
41. Жеке менчикте турган көлмөлөрдө ышкыбоз жана спорттук балык уулоо аталган көлмөлөрдүн менчик ээлеринин уруксаты менен жүзөгө ашырылат.
5-глава. Балык уулоо эрежерели
42. Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балыкты өндүрүштүк уулоо, аларга бекитип берилген көлмөлөргө жана балык уулоо тилкелерине белгиленген лимиттин (квоталардын) чегинде ишке ашырылат.
43. Көлмө же алардын айрым тилкелерин пайдалануучуларга балык кармоого балык уулоо документтерин берүү балык чарба субъекттеринин балансында балык өнөр жайын жүргүзүү үчүн уулоо тор шаймандары, балык уулоо кайыктары жана башка балык уулоо мүлктөрү жана жабдуулары зарыл болгон шартта гана берилет.
44. Балыкты өндүрүштүк уулоо учурунда көлмөнү же анын айрым тилкелерин пайдалануучулар жана балык уулоо бригадаларынын балыкчылары балык уулоо эрежелерин сактоого милдеттүү.
6-глава. Балык уулоо ыргагы
45. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган илимий уюм менен макулдашуу боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:
1) балыктын урук чачуу мөөнөттөрүнүн келип жетүүсүнө жана аяктоосуна таасирин тийгизген жаратылыш-климаттык шарттарга байланшутуу зарыл болгон учурда балык уулоо мөөнөтүн тыюу салынган мезгилдин жалпы узактыгынан ашпастан, тигил же бул тарапка 15 күнгө жылдырууга;
2) айрым өндүрүштүк балык түрлөрүн уулоого уруксат берүүгө же тыюу салууга жана аларга өнөр жай өлчөмдөрү өзгөртүүгө;
3) улоонун тыюу салынган ыкмаларын жана шаймандарын бекитүүгө;
4) балык уулоо шаймандарынын санын жана түрлөрүн аныктоого, ошондой эле өнөр жай балыктарын уулоо үчүн уруксат берилген торлордун көзөнөктөрүнүн өлчөмдөрүн аныктоого.
46. Тыюу салынат:
1) атайын уруксатсыз же жараксыз уруксаттар менен өнөр жайлык балык уулоого;
2) балык уулоодо синтетикалык торлорду жана башка тыюу салынган балык уулоо шаймандарын жана балык кармоо ыкмаларын колдонууга;
3) уруксатта каралбаган жерлерде, мөөнөттө жана балыктын башка түрлөрүнө өнөр жайлык балык уулоону ишке ашырууга;
4) балык уулоочу шаймандарды аймакта жана белгилүү бир убакта атайын уруксатсыз пайдаланууга тыюу салынган көлмөлөрдө же жээкте болууга, ошондой эле жардыргыч жана уулуу заттар менен жүрүүгө;
5) электр тогу аркылуу балык кармоо (кармоо) функциясын биргелешип аткарган, өткөргүчтөрү жана аккумулятору (батареялары) кошулган, сигналы электр генераторлорунун турган электр кайрымактары менен балык кармоону жүзөгө ашырууга;
6) өтө зарыл учурларды (авария, бурганак, туман) эске албаганда. плотторду, балык уулоо кайыктарын жана башка суу транспорт каражаттарын балык уулоого тыюу салынган акваториялардын чектеринде токтотууга;
7) жанында өндүрүштүк билети жок адамдардын балык уулоо өндүрүшүнө катышуусуна, ошондой эле балык уулоо пункттарында чоочун адамдардын болуусуна;
8) өнөр-жай журналдарына жана өнөр-жай билеттерине катталбаган өнөр жайлык балык уулоодон балыктарды балык кармоо пункттарында сактоого, ошондой эле балыкты алдын ала даярдоого жана кайра даярдоого;
9) бир түрдөгү кармалган балыктарды түрдүн башка аталышы же түр курамын көрсөтпөстөн кабыл алууга (өткөрүп берүүгө);
10) сууга биркаланбаган (маркерленбеген) торлорду, ошондой эле балык уулоо билеттеринде көрсөтүлбөгөн көзөнөктөрү менен торлорду салууга;
11) балык кармалган жайлардан балыкты жана икраны товар коштоп жүрүүчү документтерсиз (коштомо кагаздарсыз), балык өнөр-жайынан балыкты жана икраны кое берүүгө берилген коштомо кагаздарда белгиленген аларды салмактарына шайкеш келбеген өлчөмдөрдө (салмактарда) чыгарып кетүүгө жана транспорттоого;
12) кармалган балыкты курамын көрсөтпөстөн же балыктын башка түрү катары кабыл алууга (өткөрүүгө);
13) биркаланбаган (маркаланбаган) торлорду, ошондой эле көзөнөктөрүнүн көлөмү уруксаттарда жана балык уулоо билеттеринде көрсөтүлбөгөн торлорду сууга салууга;
14) балыкты жана икраны ветеринардык коштоочу жана товарды
15) коштоочу документтерсиз (накладнойлор) балык берүү накладнойлорунда көрсөтүлгөн алардын иш жүзүндөгү салмагына ылайык келбеген көлөмдө (салмак боюнча) өнөр жай жерлеринен алып чыгууга жана ташууга;
16) мыйзамсыз балык уулоого (балык жана икра) продукциясын сатып алууга, кабыл алууга, сактоого, ташууга жана сатууга;
17) балыкты кармоого белгиленген лимиттен (квотадан) ашык кармоого, ошондой эле белгиленген өнөр жайлык өлчөмдөн аз кармоого;
18) көлөмү 10 сантиметрден (көздүн сызыгынан куйруктун учуна чейин) кичине болгон тар манжалуу рактарды кармоого, ургаачы рактарды –икрянкаларды кармоого жана аларды уясынан алып чыгуу же кууп чыгуу жолу менен рактарды уулоого;
19) дары жана химиялык жабдуулардын жардамы менен жасалган татканткычтын жардамы менен балык жана тар манжалуу рактарды уулоого;
20) атайын ферменттерди, синтезделген феромондорду, балыкты кармоого арналган активаторлорду жана балыктын абалына олуттуу таасирин тийгизген башка заттарды пайдалануу менен балык уулоого;
21) балык уулоодо жардыруу жана ууландыруу каражаттарын колдонууга, балыкты электр, багарлоо жана учтуу куралдардын (острогдордун) жардамы менен кармоого, ок атуучу куралдарды, бардык конструкциядагы кылтактарды, шакекчелерди, керме торлорду колдонууга, көлмөнү тосуу жана жабуу ыкмасынын жардамы менен, ошондой эле ыргытма торлор жана колдо жасалган илмек кайрымактар менен балык уулоого;
22) сууга стандарттык эмес торлорду, ошондой эле балык уулоо билеттеринде белгиленген сандан ашык санда торлорду орнотууга;
23) уруксаттарда көрсөтүлбөгөн торлорду балык уулоо пункттарында сактоого;
24) атайын уруксат жок болгон учурда балык чарба суу сактагычтарынын жээктеринде балык кармоого тыюу салынган мөөнөттөрдө жана жерлерде торлорду сактоого;
25) көлмө акваториясында жайгашкан жерин тиешелүү таануу белгилери (буйлар) менен белгилебестен, көлмөлгө балык уулоочу торлорду орнотууга;
26) балыктын урук чачуу мезгилинде дарыянын нугунда, урук чачуучу аймактарда, шахматтык тартипте бекитилген торлорду жайгаштырууга;
27) балыктын өндүрүштүк түрлөрүн өндүрүүчүлөрдүн атайын уруксаты менен аларды жасалма жол менен көбөйтүү максатында кармоо учурларын кошпогондо, дарыянын туурасынын үчтөн экисинен ашыгын торлор менен тосууга;
28) балык чарбасын коргоо органдарынын суу транспортторун кошпогондо, балыктардын урук чачуу мезгилинде урук таштоочу жерлердин аймактарында суу автотранспортунун кыймылына.
7-глава. Балык уулоо үчүн тыюу салынган жерлер, балык уулоо
мөөнөттөрү жана шаймандары
47. Жыл бою балык уулоого (кармоого) тыюу салынат:
1) өнөр жайлык балык өстүрүүчүлөрдү кармаган учурларды кошпогондо, аларды жасалма көбөйтүү максатында кармоого балык уулоо билеттери болгон учурда суу жана канал куймаларынын алдындагы куйманын эки тарабына тең жана көлмөнүн сууга тереңирээк кирген жеринен 500 метр аралыкта;
2) ажыратуу зоналарынын чегиндеги плотиналардын, шлюздардын, көпүрөлөрдүн жанында, тартып келүүчү магистралдык каналдарда жана мелиоративдик системалардын бөлүнгөн жеринде;
3) көлмөнүн балык чарбасы мүнөздөмөсү боюнча биологиялык негиздеме же корутундулары болбогон жана балык уулоого чектөөлөр (квоталары) белгиленбеген бардык мамлекеттик көлмөлөрдө;
4) аталган мамлекеттик коруктардын администрациясынын макулдугусуз Ысык-Көл жана Каратал-Жапырык мамлекеттик коруктарынын жээк этигенидеги суу коруктарында.
48. Ысык-Көл көлүнөн балык уулоого тыюу салынат:
– № 15 жана 39 балык уулоо тилкелеринде;
– Таза, Кеңири-Көгүш Түп булуңунан;
– Ак-Терек (батыш) жанаТоң булуңдарында.
49. Балык урук чачып жатканда өнөр-жай балыктарын уулоого тыюу салынат:
Ысык-Көл көлүндө:
– чабакчага, линге, лещке – 1-майдан тартып 1-июлга чейин;
– чабакка – № 1-27, 2-32 балык уулоо тилкелеринде 1-апрелден тартып 15-майга чейин , көлдүн башка тилкелеринде – 15-марттан тартып
30-апрелге чейин;
– сазанга, карпка – 15-майдан тартып 15-июлга чейин;
– сига-лудогага – 1-ноябрдан тартып 30-декабрга чейин;
– форелге – 1-октябрдан тартып 25-январга чейин;
– маринкага –15- апрелден тартып 15-майга чейин;
Сон-Көл көлүндө:
– сига-лудогага – 15-октябрдан 25-ноябрга чейин;
– пелядьга – 10-ноябрдан тартып 25-декабрга чейин.
Токтогул, Киров, Орто-Токой жана Базар-Коргон суу сактагычтарында:
– сазанга, карпка, маринкага – 25-апрелден тартып 15-июнга чейин.
Бегиленген мөөнөттө өсүмдүк менен тамактанган балыктарды, сазанды, карпты жана маринка урук чачып жаткан жерлерден башка жактарга өндүрүү көзөнөктөрү 70 сантиметр жана андан жогору болгон коймо торлор менен жүзөгө ашырылат;
Токтогул суу сактагычында:
– форелге –15-октябрдан тартып 25-январга чейин.
50. Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө 20-марттан тартып 10-июнга чейинки мезгилде тар манжалуу рактарга, ал эми денесинин узундугу 10 сантиметрден кичине болгон, жумуртка алып жүрүүчү ургаачыларына бүтүндөй жыл ичинде уулоону аткарууга тыюу салынат.
51. Көлмө жана балык уулоо тилкелеринде урук чачуу мезгили ичинде балык уулоого тор колдонууга тыюу салынат.
8-глава. Өнөр жайлык балыктардын көлөмү
52. Өнөр жайлык балыктын көлөмү тумшугунун учунан (оозу жабык мезгилде) куйрук сүзгүчүнүн орто нурларынын негизине чейинки аралыкты өлчөө менен аныкталат.
Иштетилген балыкты (туздалган, кургатылган, ышталган ж.б.) өлчөөдө аталган көлөмдөр 4 пайызга кыскартылат.
53 Өнөр жайлык көлөмгө туура келбеген балыкты кармоого чогултуу (притонение), сүйрөө (траление), иргелөө(переборка) үчүн уруксат берилген объектте жалпы кармалган балык эсебинен 8 % ашык кармоого уруксат берилет.
53. Белгиленген көлөмдөн кичине кармалган балыктар, ошондой эле уулоого тыюу салынган балыктар жана рактар, тордон чыгарылган кийин тирүү бойдон кайра көлмөгө кое берилиши керек.
Жол берилген ченемден ашык кармалган өнөр жайлык көлөмгө туура келбеген балыктарды кармоодо, аталган жайда балык кармоо токтотулат же уулоо шайманы көзөнөктөрү чоңураагына алмаштырылат.
9-глава. Балык уулоо шаймандарындагы көзөнөктөрдүн көлөмү
54. Балык түрлөрү боюнча төмөнкү өлчөмдөн (мм менен) аз болгон торлорду колдонууга тыюу салынат:
Балык уулоо шайманы
| Чоң тор | Мордушка | Тор | ||
мотня | айдоо | канаттары | |||
Чабакты кармоо үчүн | 32 | 40 | 45 | - | 32 |
Чабакчаны кармоо үчүн | 17 | 17 | 17 | 17 | 17 |
Сазан, карпты кармоо үчүн
| 60 | 60 | 60 | - | 65 |
Форелди кармоо үчүн: - урук чачуу мезгилинде - семирүү мезгилинде |
- - |
- - |
- - |
+ + |
45 60 |
Маринканы кармоо үчүн | - | - | - | + | 40 |
Сиганы кармоо үчүн | - | - | - | + | 60 |
Пелядди кармоо үчүн | 38 | 40 | 45 | + | 35 |
Балык уулоочу торлордогу көзөнөктөрдүн көлөмүн шнур боюнча аныктоо төмөнкүчө жүзөгө ашырылат:
– балык уулоочу торлордун көзөнөктөрү 30 мм. кем болгондо – 11 түйүндүн ортосунданы аралык өлчөнөт жана алынган сан 10го бөлүнөт;
– балык уулоочу торлордун көзөнөктөрү 30 мм. ашык болгондо – 6 түйүндүн ортосунданы аралык өлчөнөт жана алынган сан 5ке бөлүнөт.
Жогоруда белгиленген өлчөмдөр балык уулоочу кургак шаймандары үчүн белгиленет.
Ным болгон балык уулоочу шаймандар үчүн белгиленген өлчөмдөрдү 5 пайызга төмөндөтүүгө жол берилет.
10-глава. Ышкыбоз жана спорттук балык уулоонун рекреациялык балык уулоо чарбаларын уюштуруу
56. Рекреациялык балык чарбаларынын негизги милдеттери болуп ышкыбоз жана спорттук балык уулоонун жана жарандардын эс алуусунун уюштурулган формаларын өнүктүрүү үчүн жагымдуу жагдайларды түзүү, балык запастарын көбөйтүү, ихтиофаунаны жакшыртуу жана көлмөлөргө жаш балыктарды кое берүү жана балыктандыруу жолу менен көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу саналат.
57. Ышкыбоз жана спорттук балык уулоонун рекреациялык балык уулоо чарбалары пайдалануучу тарабынан, бир суу объектисинин чектеринде калыптанган, ышкыбоз жана спорттук балык уулоо үчүн саны туруктуу балыктандыруу жолу менен түптөлүп келген рекреациялык балык уулоо режимине которулган, өзүнчө турган көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде уюштурулат.
58. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте ышкыбоз жана спорттук балык уулоонун рекреациялык балык уулоо чарбасы уюштурулушу мүмкүн болгон көлмөлөрдү же көлмө тилкелерин аныктайт жана аны тиешелүү бүтүмгө кол коюу менен пайдалануучуга бекитип берет.
59. Рекреациялык балык уулоо чарбаларында ышкыбоз жана спорттук балык уулоо тартиптери рекреациялык балык уулоо чарбаларынын администрациялары тарабынан, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу аркылуу белгилеген.
60. Рекреациялык балык чарбаларын уюштуруу боюнча иштерди аткаруу мезгилинде, ошондой эле алар аяктагандан кийин аталган чарбаларда ышкыбоз жана спорттук балык уулоону жүргүзүү шарттары рекреациялык балык чарбаларынын администрациялары тарабынан жөнгө салынат.
61. Бекитилип берилген көлмөлөрдө рекреациялык балык уулоо чарбаларын уюштуруу боюнча мерчемделген иштердин комплекси аткарылып бүткөндөн кийин, көлмөнү рекреациялык балык уулоо чарбасынын алдындагы даярдык иштери аяктагандыгы тууралуу акт түзүлөт, ага келишилген түзгөн тараптар кол коюшат.
62. Ышкыбоз жана спорттук балык уулоо рекреациялык балык чарбаларын уюштуруу үчүн көлмөлөр же анын тилкелери бекитилип берилген балык уулоо чарбаларынын субъекттери аталган көлмөлөрдүн же айрым тилкелеринин пайдалануучулары болуп саналышат
63. Рекреациялык балык уулоо чарбалары уюштурулган көлмөлөрдө же анын өзүнчө тилкелеринде балык уулоо чарбаларынын субъекттери төмөнкү иш түрлөрүн жана чараларды жүзөгө ашырууга милдеттүү:
1) балык запастарын кайра өндүрүү жана коргоо боюнча ишин;
2) бекитилип берилген көлмөлөрдө табыгий балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну;
3) бекитилип берилген көлмөлөрдү жыл сайын балык өстүрүү-мелиоративдик иштерди аткарууну;
4) бекитилип берилген көлмөлөргө ышкыбоз-балыкчылардын келишин, алардын кармаган балыктарынын саны жана түрү боюнча журналдык эсепке алууну, ошондой эле балык запастарын кайра өндүрүү боюнча иш-чараларга пайдаланылган каражаттардын эсебин жүргүзүүнү;
5) көлмөгө чыгарылган жаш балыктарды эсепке алууну жүргүзүүнү жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга көлмөгө жаш балыктарды чыгаруу жана балыктандыруу актыларын берүүнү;
64. Бекитилип берилген көлмөлөрдө жана анын айрым тилкелеринде көлмөнү пайдалануучулар, көлмөнүн абалын жана балыкты жана башка суу биоресурстарын кайра өндүрүүнү жакшыртуу боюнча балык коргоо жана балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чараларды ишке ашырат.
|
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндөн балык чарбаларын уюштуруу жана балык уулоону аткаруу үчүн көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин бекитип берүүнүн тартиптерине |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Балык өнөр жай комплекс департаменти
__________________________________________________________________
БАЛЫК ЧАРБАНЫН ПАСПОРТУ №___
Көлмөнүн же (участоктун акваториясынын)_____________________________ (аталышы)
1.Изилдөө ким тарабынан жүргүзүлдү: _________________________________
(мекеменин аталышы,
_____________________________________________________________________________________________
көлмөгө изилдөө жүргүзгөн адамдардын аты-жөнү, кызмат орду)
2.Көлмөнүн же участоктун жайгашкан жери: __________________областы,
___________________району,_____________________________айыл аймагы
3.Көлмө кимдин балансында турат: ___________________________________
4.Көлмөнүн максаты(категориясы):____________________________________
5.Көлмөгө баруучу жолдордун абалы жана саны: _____________________
__________________________________________________________________
(чоң жол, топурак, асфальт, майда таш ж.б.)
6.Көлмөдөн жолго чейинки аралык (м, км.):_____________________________
7.Башка көлмөлөр менен байланышы:_________________________________
(тосулганбы же жокбу, тосулбаса, анда кайсыл көлмөлөр менен
_____________________________________________________________________________________________
жана кантип байланышта болот, куймалары жана суунун агып чыгуусу)
8.Айылдардын аталышы, көлмөгө жакын жайгашкан айдоо жерлери, чөп талаалары, токойлор, айыл чарба талаалары, аларга чейинки аралык (м, км):
____________________________________________________________________________________________________________________________________
9.Көлмөнүн схемалык картасы тиркелет.
10.Көлмөнүн физико-географиялык жана балык чарбалык мүнөздөмөсү:
10.1. Өлчөмдөрү:
а) көлмөнүн акваториясынын же участкасынын аянты (га) ________________ б) эң чоң узундугу (км) ______________________________________________
в) эң чоң туурасы (км) _______________________________________________
г) эң терең жери (м)_________________________________________________
д) орточо тереңдиги (м) _____________________________________________
е) көлмөнүн формасы _________________________________________________________________
(тоголок, сүйрү, тармактанган, төрт бурчтук, тик бурчтук ж.б.)
10.2. Көлмөнүн же анын участкасынын түбүнүн мүнөзү:__________________ (ылай, чопо, боз топурак, кум, таштар, балырлар ж.б.)
10.3.Көлмөнүн акваториясынын өсүп кетүү деңгээли: ___________________ (жалпы аянтка карата, пайыздык катыш менен)
11.Көлмөнүн агымы: ___________________________________________
(аккан, саркынды, четке кагылган, туюк)
11.1. Көлмөгө куйган дарыя жана суулардын аталышы, алардын куйган жериндеги узундугу жана туурасы: __________________________________________________________________
__________________________________________________________________
11.2. Көлмөнүн башатынын аталышы, ал кайсы жакка куят, анын узундугу жана туурасы:
____________________________________________________________________________________________________________________________________
11.3. Көлмөнүн түбүндөгү жана жээктеги булактардын болушу (аз, көп):
__________________________________________________________________
12. Көлмөдөгү аралдардын болушу жана саны:_________________________
(аянт, топурак жана
_____________________________________________________________________________________________
аралдардагы өсүмдүктөрдүн мүнөзү жана жээктердин мүнөзү)
13. Көлмөнүн гидрологиялык жана гидрохимиялык режими жөнүндө маалымат:
а)Кыш мезгилинде көлмө толук тоңобү, муздун калыңдыгы, көлмөнүн жалпы акваториясынын муз каптаган аянты,% менен:__________________________
__________________________________________________________________
б)Көлмөдөн суунун мезгил-мезгил менен жок болуп кетиши байкалбайбы:
__________________________, көлмөдө суунун жоголуу мезгилдеринин узактыгы жана көлмөнүн суу менен толтурулушу ______________________ ,
көлмөдөн суу каякка кетет___________________________________________,
көлмө суу ташкыны учурунда сууга толобу жана кайсы убакытка
в) Вегетация мезгилинде көлмөнүн суусу иштетилеби:___________________
(иштетилет,
_____________________________________________________________________________________________
иштетилбейт, эгер иштетилсе, көлмөдөгү суу кайсы деңгээлге чейин чыгарылат, көлмөдөн суу кайсы
_____________________________________________________________________________________________
айларда жана кайсы күндөрү чыгарылат)
г) Көлмөнүн суусу гүлдөйбү:_________________________________________
(гүлдөйт, гүлдөбөйт, эгер гүлдөсө, кайсы айда
_____________________________________________________________________________________________
жыл сайынбы же жокбу,көлмөдөгү суунун жазындагы жана күзүндөгү түсү: ачык жашыл,
_____________________________________________________________________________________________
\ ' күрөң жашыл, чайдын түсүндөй, күрөң, боз ж.б.)
14.Көлмөнүн куймаларында жана башатында дамбалар барбы:_________
__________________________________________________________________
(бар, жок, дамбанын максаты, дамбадан суу чыгабы же чыкпайбы, качан курулган,
_____________________________________________________________________________________________
пайдаланылабы же каралбай калганбы жана алардын абалы)
15.Көлмөнүн жээгинде көлмөнү булгаган булактар барбы: ________________
__________________________________________________________________
(калктуу конуштардан, мал чарба, канаттуулар фермаларынан чыккан саркынды суулар ж.б булгоочу объекттер)
_____________________________________________________________________________________________
16.Көлмөдөгү ихтиофаунанын курамы:
а) Изилдөө учурунда көлмөдө жашаган балыктардын түрлөрү:
__________________________________________________________________
(балыктардын аталышы жана алардын запасы)
_____________________________________________________________________________________________
б) көлмөнү балыктын карп жана башка түрлөрү менен балыктандыруу иштери жүргүзүлгөнбү, качан жана канча санда, балык кайсыл жактан алынып келинген жана жыйынтыктары кандай болгон, балыктандыруу актыларынын болушу: __________________________________________________________
__________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
в) көлмөдө жырткыч жана баалуулугу төмөн болгон балыктардын кандай түрлөрү жашайт (көп, аз): __________________________________________________________________
г) көлмөдө рак жана алардын запастары барбы (көп, аз):__________________
__________________________________________________________________
17. Көлмөнүн тоют базасы:___________________________________________
(олиготрофтук, автрофтук)
18. Башка чарбаларга зыян келтирбестен, балыктарды кармоо үчүн көлмөнүн суусун түшүрсө болобу. Сууну түшүрүү үчүн кандай иштерди аткаруу керек жана суу түшүрүлгөндөн кийин көлмөнү кайра канчалык бат толтуруу мүмкүн жана кайдан (көлмөнү толтуруунун булагы):
____________________________________________________________________________________________________________________________________
19. Көлмөнү балык өстүрүү максатында пайдаланууга даярдоо үчүн зарыл болгон иш-чаралар: ________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________________________________
20. Көлмөнүн суу акваториясынын аянтын көбөйтүүгө болобу жана канчалык (мисалы, дамбаны кошуу):___________________________________________
21. Чөкмөлөрдү жана башка нерселерди, суу өсүмдүктөрүнүн калың катмарын кетирүү үчүн зарыл иш-чаралар: _____________________________
__________________________________________________________________
22. Көлмөнүн саздак жана өсүп кеткен участокторун мелиорациялоо боюнча балык суу-мелиоративдик зарыл иш-чаралар: ___________________________
____________________________________________________________________________________________________________________________________
23. Балык өндүрүү жана балык уулоо жөнүндө маалыматтар:
23.1. Мурда көлмөдө балык чарбасы болгонбу, азыр барбы________________
__________________________________________________________________
23.2. Көлмөдө балыктарды кармоо жүргүзүлөбү, ким кармайт, кайндай куралдар менен жана балык уулоо мезгили: ____________________________
23.3. Көлмөдөгү балыктарды тор же башка уулоо куралдары менен кармоого мүмкүнбү, көлмөнүн кайсы жерлеринде кармалбайт жана эмне себептен (чуңкурлар, дрифттер, калың жыгачтар ж.б.): ___________________________
__________________________________________________________________
23.4. Көлмөдө иштеген балык кармоо бригадаларынын саны: _____________
__________________________________________________________________
23.5. Балык уулоочу пункттардын саны: _______________________________
23.6. Көлмөдө күн сайын балык уулоо менен алектенген балык сүйүүчүлөрдүн орточо саны: _________________________________________
23.7. Бир жылда кармалган балыктардын саны (кг, цн, тн.), балык уулоодо балыктардын кайсы түрү басымдуулук кылат көрсөтүү:___________________
__________________________________________________________________
23.8. Балыктардын өлүмү болобу, качан жана эмне себептен пайда болот. Көлмөдө балыктар кыштаса болобу___________________________________
__________________________________________________________________
24. Эгерде көлмө балык өндүрүү жана балык уулоо үчүн колдонулбаса, себептерин көрсөтүү:________________________________________________
(өсүп кеткен чөптөр, таштуу жолдор, таштар, жолдордун жоктугу ж.б.)
_____________________________________________________________________________________________
25. Сууну суугаруу же башка муктаждыктар үчүн пайдаланылуучу суу алгычтардын, суу соргучтардын жана насостук орнотмолордун болушу жана саны:________________________________________________________________________________________________________________________________
26. Балык чарба иш-чаралары башталганга чейин көлмөнү пайдалануучу (ижарачы) аткарган балык суу-мелиоративдик иш-чаралардын көлөмү:
__________________________________________________________________
(аткарылган иш-чаралардын түрлөрү жана аталган иш-чараларга кеткен чыгымдар (миң.сом),
_____________________________________________________________________________________________
жылдар боюнча, аткарылган иштерге кабыл алуу актыларынын жана башка документтердин болушу)
_____________________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________
КӨЛМӨНҮН БАЛЫК ЧАРБАЛЫК ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮ БОЮНЧА
КОРУТУНДУ:
_________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Эскертме: Бул паспорт балык өндүрүү же балык уулоо үчүн көлмөнү же (көлмөнүн участогун) бекитип берүүгө Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Көлмөнүн балык чарба паспортунун иштөө мөөнөтү – 5 жыл.
Паспортту иштеп чыккандар: кызмат орду, А.А.Ж, колу:
1._________________________________________________________________
__________________________________________________________________
2._______________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
3._________________________________________________________________
Паспорттун түзүлгөн датасы «_____»_________________202____ жыл
Директордун орун басары___________________________________________