ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылынын 5-апрели №20
« Муниципиалдык ишкананын жетекчиси М.Нуржакыповдун сунушун кароо жөнүндө».
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишканасынын жетекчиси М. Нуржакыповтун айыл аймагынын жашоочуларын жана дыйкан фермерлерди сугат суу менен камсыз кылуу максатында сунушун угуп жана талкуулап, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
- Муниципалдык ишкана жетекчиси М. Нуржакыповтун сугат суу менен камсыз кылуу жана суу акысын бекитүү сунушу негизинен колдоого алынсын.
- Айыл аймагы боюнча сугат сууга төмөндөгүдөй суу акысы бекитилсин:
- 1 га сугат жер үчүн (үлүш жерге) 350 сом өлчөмүндө жылына бир кана жолу
төгүү сунушталсын.
- айыл аймагы боюнча көчө жердин 0,08 га жерине 75 сом, ал эми 0,15 га жерге
150 сом өлчөмүндө суу алган сайын төлөө жагы бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнүн башчысы М.О. Сатаровко жана муниципалдык ишкананын жетекчиси М. Нуржакыповко тиешелүү адистер менен биргеликте алыштарга мураптарды бекитүү жана Үч-Терек айыл аймагы менен суу графигин түзүү учурунда айылдык каналга 200 литр суу калтыруу менен көчө алыштарына күнүнө сугат суу менен камсыз кылуу боюнча иш чараны ишке ашырып мыйзам чегинде катуу көзөмөлгө алып тартип бузуучулар боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Суу пайдалануучуларды сугат суу менен камсыз кылуудан түшкөн акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине төгүлүшүн контролдоо жагы айыл өкмөт башчысы М.Ө. Сатаровго, тиешелүү айыл башчыларга, “Жаңы-Доор” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун ишке ашырылышына контролдук кылуу айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Токтомду контролдоо жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
Т.К.Эрмекбаевке жүктөлсүн.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.С. Ысырайылов. |