Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026жылдын 19-январындагы № 13 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-декабры № 761
2025-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө
2025-жылы расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу максатында, "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2025-жылга статистикалык программа тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, атайын статустагы мамлекеттик бийлик органдары, административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбалык субъекттери (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тиешелүү органдарына ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген 2025-жылга статистикалык программада каралган мөөнөттөрдө административдик жана жеке маалыматтарды берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 572 "2024-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У. Жапаров |