Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 05/2-17/39
буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 4-тиркеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 04-декабрындагы № 04-13/404 буйругуна |
Илимий-изилдөө максатында балык уулоого, контролдук уулоо үчүн, балык өстүрүү-мелиорациялык
иштерди жүргүзүүгө, климатташтырууга, балык көбөйтүүгө жана аларды кайра өндүрүүгө документтерди жана билеттерди берүүнүн жана пайдалануунун тартиби
1. Илимий-изилдөө максаттары үчүн балык кармоого, контролдук кармоо, балык өстүрүү-мелиоративдүү иштерди, акклиматизацилоону, балыктандыруу жана кайра өндүрүүнү аткаруу үчүн балык уулоо документтерин жана билеттерин берүү жана пайдалануу тартиптери Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык кармоого балык уулоо документтерин жана билеттерин берүүнүн уюштуруу-укуктук негиздерин жана тартиптерин аныктайт.
2. Ушул Нускамада балык чарба башкаруунун ыйгарым укуктуу органы деп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары – балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган).
3.Илимий максаттарда, ихтиологиялык мониторинг, балык өстүрүү-мелиоративдик иштерди жүргүзүү, акклимитизациялоо, балыктандыруу жана кайра өндүрүү үчүн балык уулоо балык чарба маанисиндеги бардык суу объекттеринде балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык уулоо документинин негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Балык уулоого балык уулоо документтери төмөнкүлөргө берилет:
– илимий уюмдардын кызматкерлерине – суу биологиялык ресурстарда илимий жана балык чарба изилдөөлөрүн жүргүзүү үчүн;
– балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ихтиолог адистерине (мындан ары – ихтиология кызматы) – балык ресурстарынын абалын жана балык чарба көлмөлөрүндө аларды табигый өндүрүп чыгаруу натыйжалуулугун баалоо максатында контролдук кармоо үчүн;
– мамлекеттик балык заводдоруна, балык чарбаларына жана көлмөнү пайдалануучуларга – балык запастарын абалына жана аларды кайра өндүрүүнүн натыйжалуулугуна баа берүүгө контролдук кармоо үчүн.
5. Балык уулоо документтери белгиленген формадагы арыздын негизинде берилет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
– илимий иштерди жүргүзүү үчүн – балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган, изилденүүчү балыктардын түрлөрүн, илимий максаттарда балык уулоо жайларын жана мөөнөттөрүн көрсөтүү менен илимий иштерди жүргүзүүнүн белгиленген тартипте бекитилген илимий-тематикалык мерчеминен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
– балыкты контролдук уулоону жүргүзүү үчүн балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген (макулдашылган) ихтиологиялык иштердин мерчеми жана балыкты контролдук уулоону жургүзүүнүн ыргагы;
– көлмөлөрдүн балык запастарын өндүрүп чыгаруу жана балыктандыруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн – түрдүк жана жыныстык (уургачы, эркек) курамы боюнча балык өндүрүүчүлөрдүн зарыл болгон сандагы балык уулоосун биологиялык эсептеп чыгуусу, икранын зарыл болгон өлчөмүн даярдоо жана көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин жаш балыктар менен балыктандыруу максатында талап кылынган балык жайгаштыруу материалын алуу үчүн, ошондой эле, бардык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан атайын түзүлгөн комиссиянын балык уулоо чарбаларынын балык запастарын жасалма балык өстүрүү боюнча иштерди уюштурууга даяр экендигин текшерген актысы;
– көлмөлөргө балыктардын жаңы түрлөрүн жана башка суу биоресурстарын акклимитизациялоо боюнча ишти аткаруу үчүн – илимий уюмдардын биологиялык негиздемелерин жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оңтойлуу корутундусу;
– балык өстүрүү-мелиоративдик иштерди аткаруу үчүн –ихтиологиялык кызматтын корутундусу жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган балык өстүрүү-мелиоративдик иштердин мерчеми.
6. Балык уулоо документтери, көлмөлөр алардын ээлигинде же колдонуусунда турган тиешелүү уюмдар жана чарба жүргүзүүчү субъекттер менен аткарылуучу иштер макулдашылгандан кийин гана, арыз берүүчүгө берилет:
– балык чарба субъекттерине бекитилбеген көлмөлөрдө – балык чарба көлмөлөрүнүн негизги пайдалануучусу менен;
– өзгөчө корукка алынган аймактарда жайгашкан көлмөлөрдө же алардын айрым тилкелеринде – ошол аймактын администрациялары менен.
7. Балык уулоого арызды кызыкчылыгы болгон субъекттер, иштерди жургүзүү болжолдонуп жаткан күнгө чейинки 15 күндөн кечиктирбестен балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга беришет.
8. Жогоруда аталган максаттарда балык уулоого арыз берүүчү тарабынан сунушталган документтер балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кароого алынат, андан кийин гана арыз берүүчүгө балык уулоо билеттери берилет же болбосо себептерин көрсөтүү менен баш тартуусу кат жүзүндө жөнөтүлөт.
9. Балык уулоо билети көлмөлөрдө жогоруда аталган иштерди жана иш-чараларды өткөрүүгө жооптуу адамдарга берилет.
10. Балык уулоо билеттеринин бланктары олуттуу так отчеттуулук документи болуп саналат, аларды даярдоо, эсепке алуу жана сактоо, ошондой эле колдонулган балык уулоо билеттерин эсепке алуу жана сактоо балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
11. Балык уулоо билеттери илимий уюмдардын, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ихтиологиялык кызматынын, мамлекеттик балык заводдорунун жана балык чарбаларынын кат жүзүндөгү билдирмеси боюнча, алуучу ишеним кагазды жана ким экендигин тастыктаган документти көрсөткөндөн кийин, балык уулоону аткарууга жооптуу адамга берилет. Балык уулоо документтерин башка бирөөгө өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
12. Балык уулоо документтери алар белгиленген формадагы эсепке алуу жана берүү жөнүндөгү китепке катталгандан кийин берилет.
13. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган балык уулоо документтерин туура колдонгондугуна зарыл болгон контролду жүргүзөт.
14. Балык кармалган ар бир учур боюнча илимий, контролдук, мелиоративдик уулоо аткарылгандыгы туурасында белгиленген формада акт же балык өндүрүүчүлөр тарабынан кайра өндүрүү, акклиматизациялоо, балыкты көчүрүү же көлмөнү балыктандыруу максатында балык кармалгандыгы актысы толтурулушу зарыл.
15. Актылар, көлмөдөн алынып жаткан балыктын даана санын, жыныстык жана түрдүк курамын, ошондой эле, илимий, ихтиологиялык жана башка максаттар үчүн колдонулган ар бир түрдүн особдорунун санын, уулоо аткарылган жер жана убактысын, уулоо үчүн колдонулган шайман түрүн милдеттүү түрдө белгилөө менен түздөн-түз балык кармалган жерде түзүлүшү керек. Мындан тышкары, актыга балык уулоону жүзөгө ашырган жана ошол иш учурунда катышкан адамдардын кызматы, фамилиясы жана инициалдарын белгилөө зарыл.
16. Балык уулоо документтери таризделинген адамдар жок балык уулоону ишке ашырууга тыюу салынат.
17. Балык уулоо балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык коргоо кызматкерлеринин катышуусунда ишке ашырылат.
18. Балык уулоону жүргүзүүнүн жыйынтыктары белгиленген формада балыкты контролдук кармоону эсепке алуу жана каттоо журналына жазылат.
19. Уулоону каттоо жана эсепке алуу журналы балык уулоо актылары балык уулоону аткаруу үчүн жооптуу болгон адамда болууга, балык уулоо аткарылган жерлерде сакталууга тийиш жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык коргоо кызматкерлери тарабынан текшерүү үчүн көрсөтүлөт.
20. Илимий жана ихтиологиялык максаттар үчүн кармалган балык, зарыл болгон изилдөөлөр жана талдоолор жүргүзүлгөндөн кийин, коштомо кагаздары менен балык заводдоруна же балык субъекттеринин балык кабыл алуу пункттарына өткөрүлүп берилет, эгерде андайлар жок же алыс жайгашкан болсо – аларды сатуудан түшкөн каражатты республикалык бюджеттин кирешесине которуу менен балык дүкөндөрүнө же башка соода кылуу уюмдарына өткөрүлүп берилет.
21. Илимий изилдөө, ихтиологиялык жана лабораториялык анализдер үчүн колдонулган, аларды аткаруу анын товардык сапатынын начарлануусуна алып келген балык, балык уулоону жүзөгө ашырган адамдардын, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык уулоого катышкан балык коргоо кызматкерлеринин катышуусунда акт түзүү менен жок кылынат.
22. Төмөнкү учурларды балык уулоо билеттери өз аракетин токтотот:
– аракеттенүү мөөнөтү аяктаганда;
– ошол мезгилге карата тапшырмада мерчемделген илимий-изилдөө, ихтиологиялык, кайра өндүрүү, акклимитизациялык, мелиоративдик иштер толугу менен аткарылганда;
– балык уулоо билеттери чакырылып алынганда.
23. Ушул Нускаманын талаптары бузулган учурда же балык уулоо билеттери башка адамдарга өткөрүлүп берилгенде, алар балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык коргоо кызматкерлери тарабынан алынып коюлушу ыктымал.
24. Иштер аяктагандан кийин балык уулоону аткарган уюмдар же жактар балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга 10 күн аралыгында, уулоону аткарууну каттоо журналын жана актыларды, ошондой эле кармалып алынган балыкты өткөрүп бергендиги тууралуу коштомо кагаздын көчүрмөсүн же аны эсептен алып салуу актысын жана пайдаланылган балык уулоо билетин тиркөө менен аткарылган иштин натыйжалары тууралуу отчет беришет.
25. Ушул Нускамада каралган отчеттор жана башка документтер берилбеген учурда, андай уюмдарга жана жактарга андан ары балык уулоо билеттери берилбейт.