Сравнение редакций…
|
| 5-тиркеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 04-декабрындагы № 04-13/404 буйругуна |
Балык запастарын жасалма жол менен кайра өндүрүү максатында өндүрүш балыктарын өндүрүүчүлөрүн атайын уулоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартиби
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын жасалма жол менен өндүрүү максатында өнөр жайлык балыктардын өндүргүчтөрүн атайлап уулоо боюнча ишти аткаруунун тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте балык чарба башкаруунун ыйгарым укуктуу органы деп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары – балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган).
3.Өнөр жайлык балыктардын өндүргүчтөрүн атайлап уулоого укук берүү балык өстүрүү заводдоруна, балык өстүрүү ишканаларына жана балык чарбаларына (мындан ары – балык субъекттери) инкубацияга икраны топтоо, салуу, жаштарын өстүрүү жана көлмөлөрдү балыктандыруу максатында балык оорулары боюнча бакубат көлмөлөрдөн өнөр жайлык балык өндүргүчтөрүн кармоого уруксат берүү менен балык запастарын жасалма өндүрүүгө тиешелүү божомол-тапшырманы белгилөө жолу аркылуу (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 26-майындагы № 201-НИ “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Балык чарбасы жаатындагы өткөрүлүп берилген ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө” буйругуна ылайык) жүзөгө ашырылат.
4. Жасалма өндүрүү максатында балык субъектилери тарабынан өнөр жайлык балыктардын өндүргүчтөрүн атайлап уулоого укукту балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган берет.
5. Балык запастарын жасалма өндүрүп чыгууга бекитилген болжол-тапшырмасы жок өнөр жайлык балыктарын өндүргүчтөрдү атайы уулоого тыюу салынат.
6. Жасалма өстүрүп чыгуу максатында өнөр жайлык балыктардын өндүргүчтөрүн атайлап уулоого төмөнкүлөргө укук берилет:
– биринчи кезекте, балык өстүрүү - икраны инкубациялоо жана балыктын жашоого туруштук бере алган жаштарын чыгарууга жарактуу болгон өндүрүштүк базасына ээ болгон (инкубациялык цехтер жана инкубациялык аппараттар) адистештирилген балык өстүрүү чарбаларына (балык заводдоруна жана балык питомниктерине);
– экинчи кезекте, икраны тандап алуу, даярдоо, уруктандыруу жана ташып жеткирүүгө квалификацияланган балык өстүрүүчү-адистерди тартуу шартында, келишимдик негизде аларды заводдук инкубациялоо жана балык личинкалары менен жаштарын өстүрүү максатында, белгиленген тартипте икраны инкубациялык аппаратка берүү жана салуу боюнча балык заводдору менен келишим түзүшөн башка балык өстүрүү чарбаларына.
7. 7. Өнөр жайлык балыгын өндүргүчтөрдү кармоого арызды кызыкчылыгы болгон балык субъектилери балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, илимий уюмдун биологиялык негиздемеси же балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ихтиологиялык кызматынын корутундусу менен белгиленген балыктын урук чачуу миграциясы келип жетүүсү боолжолдонуп жаткан күнгө чейинки, кеминде 15 күнгө чейин жөнөтүшөт.
8. Аларды жасалма өндүрүү максатында өнөр жайлык балыктарын өндүргүчтөрдү кармоого балык уулоо билеттери, балык субъекттерине илимий биологиялык негиздеме же ихтиологиялык кызматтын корутундусу алынгандан кийин гана, балыктын урук чачуу мөөнөттөрүнүн келип жетүүсүн, урук чачуу райондорун жана көлмө менен суулардагы урук чачуу тилкелерин көрсөтүү менен берилет.
9. Аларды жасалма өндүрүү максатында өнөр жайлык балыктарын өндүргүчтөрдү кармоого чейин балык субъектилери төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
– балыктын өндүргүчтөрүн кабыл алуу жана кармап туруу үчүн имараттарды, кампаларды, суу менен камсыз кылуу тутумдарын, инкубациялык цехтерди, балык өстүрүү жабдууларын, бассейндерди жана ошондой эле икраны инкубацияга салуу жана балык тукумун көбөйтүүчү материалдарын өстүрүү үчүн инкубациялык аппараттарды даярдоого;
– балык чарбасынын балык чарбалык ишин жүргүзүү жана кармалып алынган балыктардын өндүргүчтөрүн сатуу менен байланыштуу болгон каржы операцияларын эсепке алуу жана жүргүзүү жана балык запастарын өндүрүү боюнча иш-чараны өткөрүүгө чыгымдарды эсепке алуу үчүн бухгалтерди жумушка кабыл алгандыгы жөнүндө буйрук чыгаруу жана анын көчүрмөсүн балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жөнөтүүгө;
– балыктардын өндүргүчтөрүн уулоо жүзөгө ашырыла турган ар бир балык уулоо пункттарынын балыкчыларынын жана башчыларынын өндүргүчтөрүн фамилияларын белгилөө менен өнөр жайлык балыктардын өндүргүчтөрүн уулоо үчүн балык уулоо пункттарын жана бригадаларын түзүү жөнүндө буйрук чыгарууга;
– ар бир өзүнчө балык уулоо пункту боюнча балыктардын өндүргүчтөрүн уулоо боюнча эмгек келишимдери же макулдашуулардын негизинде ишке тартылган, сезондук негизде балыкчыларды кабыл алгандыгы туурасында буйруктун көчүрмөлөрүн балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берүүгө;
– балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга белгиленген формада өндүрүш балыгын уулоого арыз берүүгө, балык запастарын өндүрүү боюнча белгиленген божомол-тапшырманы аткаруу максатында, зарыл болгон өлчөмдөрдөгү икраны даярдоо жана инкубацияга салуу үчүн эркек жана ургаачысынын санын көрсөтүү менен балыктын өндүргүчтөрүнүн түрлөрү боюнча эсептеп чыгууга;
– ар бир балык уулоо пунктунда балык пункттарынан балыктын өндүргүчтөрдүн жана икралардын балык өстүрүү чарбаларына жана балык заводдоруна келип түшүүсүн белгиленген тартипте каттоого алуу, кыймыл-аракети жана эсепке алуу журналдарын ачууга;
– пайдалануу үчүн жарактуу болгон инкубациялык цехтердин жана инкубациялык аппараттардын санын, алардын түрлөрүн, икранын түрлөрү боюнча аларга салынуучу болжолдонуп жаткан санын, икраны даярдоо, тандоо жана инкубациялоо жана балыктын жаштарын өстүрүү боюнча ишке тартылуучу балыкчы-адистердин санын көрсөтүү менен маалымкатты берүүгө;
– өнөр жайлык балыкты кармоонун актыларынын бланктарын, өнөр жайлык балыктарынын икраларын даярдоо жана инкубацияга салуу актыларынын, өнөр жайлык балыктарынын икраларын даярдоо жана инкубацияга салуу бланктарын жана белгиленген формадагы отчеттук маалымат бланктарын даярдоого;
– аларды заводдук инкубациялоо жана личинкаларды жана жаш балыктарды жашап кетүү баскычына чейин өстүрүү максатында, аларга өнөр жайлык икраны берүү боюнча инкубациялык аппараттары жана цехтери бар балык заводдору же балык субъекттери менен түзүлгөн белгиленген формасындагы келишимдин көчүрмөсүн берүүгө (өзүнүн балык өстүрүү-өндүрүш базасы болбогон балык субъекттери үчүн);
– арыз берүү учурунда белгиленген талаптарга ылайык, өнөр жайлык балыктарын топтоо, даярдоо, кайра иштеп чыгуу, сактоо, уруктандыруу жана ташып жеткирүү боюнча атайы иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон ассортиментте жана санындагы, зарыл болгон буюм, мүлк, материал, сыйымдуулук жана инвентарлардын балык чарбасында турган тизмесин берүүгө;
– балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган түзүп чыккан атайы комиссия тарабынан түзүлгөн негизги өндүрүш объекттеринин: балыктын өндүргүчтөрүн кармоо, көчүрүү жана багып турууга имараттардын, кампалардын, забойлордун, шандор жана бассейиндердин, суу менен камсыз кылуу системасынын, икраны инкубацияга кабыл алуу жана салууга, балыктын личинкаларын жана жаштарын өстүрүү үчүн инкубациялык цехтердин жана аппараттардын даярдыгынын актысын, ошондой эле аныкталган жетишпестиктерди четтетүү боюнча комиссиянын сунуштарын аткаргандыгы тууралуу маалымкатты берүүгө;
– балык запастарын кайра өндүрүү, эсепке алуу журналдары, балык өндүргүчтөрдү уулоо актылары жана балык уулоо билеттери боюнча өткөн жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу отчет тапшырууга.
10. Икраны топтоо максатында балыктардын өндүргүчтөрүн уулоого тартылган балыкчылар балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан белгиленген формадагы өндүрүштүк билеттерди алууга тийиш, ал өндүрүүчү балыктарды уулоо боюнча ишке катышып жаткан балыкчынын ким экендигин тастыктаган, ошондой эле өнөр жайлык билеттерде балыктардын кармалган особдорду каттоо жана эсепке алуу максатындагы документ болуп саналат.
11. Өнөр жайлык балыктардын өндүргүчтөрүн уулоого өнөр жайлык билеттери жокторду тартууга тыюу салынат.
12. Өнөр жайлык балыктардын өндүргүчтөрүн уулоо боюнча атайы иштерди аткарууда, балык уулоо жайларында башка жактардын болуусуна тыюу салынат.
13. Өнөр жайлык балыктардын өндүргүчтөрүн атайлап уулоо балык уулоо пункттарында милдеттүү түрдө балык өндүрүү жана эсепке алуу документациясын (балыктын өндүргүчтөрүн кармалгандыгын каттоо жана эсепке алуу журналдары, балыкты өндүрүүчүдөр кармалгандыгы актысы, икраны топтоо жана даярдоо) милдеттүү түрдө жүргүзүү менен аткарылат.
14. Балыктардын өндүргүчтөрү кармалган жана өнөр жай балыктарынын икраларын даярдоонун ар бир учуру боюнча түздөн-түз балык өндүргүчтөр кармалган жана өнөр жай балыктарынын икраларын даярдоо жеринде белгиленген формадагы акт түзүлөт.
15. Балык уулоо пункттарында кармалган өнөр жайлык балыктардын өндүргүчтөрү жана икраны даярдоо түздөн-түз уулоо ишке ашкан жерде белгиленген формадагы каттоого жана эсепке алуу журналына катталууга тийиш.
16. Жасалма жол менен өндүрүү максаттарында балыкты браконьердик жол менен кармашкан же болбосо тиешелүү документтери жок кармаган жарандардан өнөр жайлык балыктардын өндүргүчтөрүн алууга тыюу салынат.
17. Өнөр жайлык балыктардын өндүргүчтөрүн атайлап кармоо балыктардын өндүргүчтөрүн кармоо боюнча иштерди уюштуруу жана аткаруу үчүн жооптуу адамдын жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык коргоо адисинин катышуусунда ишке ашырылат.
18. Өнөр жайлык балыктардын өндүргүчтөрүн кармоону каттоо, эсепке алуу журналдары жана кармоо актылары ар дайым аталган иштерди аткарууга жооптуу болгон адамда балык уулоо пункттарында турууга жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык коргоо адиси тарабынан текшерүүгө алууга берилүүгө тийиш.
19. Балыктардын өндүргүчтөрүнүн икраларын тандоо балык уулоо пункттарында, жеңил укалоодон кийин дароо жыбылжып агуу менен оңой бере калган ургаачыларынын жашы жогорку особдорунан, икранын жетилгендигинин 5 баскычында (агымы) гана алынат.
20. Ургаачыларынан кан же бүртүк аралаш чыккан икраларды чогултууга жол берилбейт.
21. Эгерде жыныстык жактан бышылып жетиле элек жана алардын икрасын алуу үчүн жараксыз болгон особдордон же икрасы жок особдордон алынган учурда, анда алар уулоо шайманын тандалып алынгандан кийин дароо тирүүлөй түрүндө кайрадан көлмөгө кое берилүүгө тийиш.
22. Өнөр жайлык балыктардын өндүргүчтөрүн уулоого маркерленген (биркаланган) торлорду, биркасына балык уулоо үчүн ар бир колдонулуп жаткан торго: ошол торлорду колдонуп жаткан балык субъектисинин аталышын, жетекчинин жана ошол торду колдонуп жаткан балыкчынын фамилиясын, балык уулоо билеттеринин номерлерин белгилөө менен гана жол берилет.
23. Балыктардын өндүргүчтөрүн уулоо учурунда биркаланбаган торлорду колдонууга жол берилбейт.
24. Иштин ар бир циклин жүргүзүү процессинде (балыктардын өндүргүчтөрүн кармоо, икраны жыйноо жана даярдоо, икраны инкубациялоого салуу, балыктардын личинкаларын жана жаштарын өстүрүү) балык чарба субъекттери ар бир 10 күндөн кийин иштин ар бир өзүнчө цикли боюнча жүргүзүлүүчү иштердин натыйжалары жөнүндө оперативдүү маалыматты төмөнкүдөй схема боюнча берүүгө милдеттүү:
– кармалып алынган балыктардын өндүргүчтөрүнүн саны (ургаачы жана эркеги);
– инкубацияга салынган икранын саны, түрлөрү боюнча өзүнчө;
– түрлөрү боюнча инкубациялоо учурунда өлгөн икралардын санын (икрадан калдыктары %да);
– алынган личинка менен жаш балыктардын саны.
25. Балыктардын өндүргүчтөрүн кармоо, өнөр жайлык балыктардын икраларын топтоо жана инкубацияга салуу боюнча иштер аяктагандан кийин толтурулган журналдарды жана кармалган балыктардын өндүргүчтөрүн эсепке алуу жана каттоо актыларын, өнөр жайлык балыктардын икраларын инкубацияга салуу актыларын жана балык уулоо билеттерин тиркөө менен белгиленген божомол-тапшырманы аткаруунун натыйжалары тууралуу отчет тапшырылат.
26. Ушул Тартипти аткарууга контролдук балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 05/2-17/39
буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ