Загрузка документа…
|
| 7-тиркеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 04-декабрындагы № 04-13/404 буйругуна |
Балык уулоо жана балык өстүрүү максатында юридикалык жана жеке жактарга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде егердик кызматты уюштуруунун жана иштетүүнүн тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип балык уулоо жана балык өстүрүү максатында колдонуучуларга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде егердик кызматты уюштуруунун жана ишкердигинин эрежелерин жөнгө салат.
2. Тартип пайдалануучуларга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде балык камы чөйрөсүндө коомдук контролдукту камсыз кылуу боюнча егердик кызматтын максаттарын, милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
3. Ушул Тартиптин максаттарына балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу органы деп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары - балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган).
4. Балык запастарын коргоону камсыз кылуу жана пайдаланууга берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде өстүрүлгөн көл, дарыя же товардык балыктарды мыйзамсыз уулоо жана уурдоо учурларынын алдын алуу үчүн көлмөнүн пайдалануучулары ушул Тартипте ылайык егердик кызматтарды түзүшөт.
5. Көлмөлөрдө жана тилкелерде балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоого алуу, ошол көлмөлөрдү жана тилкелерди колдонуучулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Балыкты коргоо боюнча штаттан тышкары кызматкерлердин укуктарын жана ыйгарым укуктарын егердик кызматтын кызматкерлерине берүүнүн эрежелери жана шарттары жана алардын балыкты коргоо ишкердигинде уюштуруу ушул Тартип менен жөнгө салынат.
7. Егердик кызматтын кызматкерлери өзүнүн балыкты коргоо ишинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин балык запастарын коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларын, балык уулоо эрежелерин, ошондой эле ушул Тартипти жетекчиликке алат.
8. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган пайдалануучуларга бекитилип берилген көлмөлөрүндөгү жана балык уулоо тилкелериндеги егердик кызматтын кызматкерлеринин балык коргоо ишкердигине координацияны жана мониторингди жүзөгө ашырат.
9. Ушул Тартиптин ченемдери балык чарбасын жана балык уулоону жүргүзүү үчүн пайдалануучуларга бекитип берилген көлмөлөргө жага балык уулоо тилкелерине гана таркатылат.
2-глава. Егердик кызиматтын кызматкерлеринин
максаттары, милдеттери жана милдеттенмелери
10. Егердик кызматтын кызматкерлеринин негизги максаттары жана милдеттери белгиленген тартипте пайдалануучуларга бекитилип берилген көлмөлөрдө балык запастарын коргоого алуу жана балык чарбаларында өстүрүлүп жаткан товардык балыкты мыйзамсыз уулоо жана уурдоонун алдын алуу, ошондой эле юридикалык жактар жана жарандар тарабынан балык уулоо эрежелерин сакталышын коомдук контролдоо болуп саналат.
11. Егердик кызматтын кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) пайдалануучуларга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде балык запастарын жана товардык балыкты коргоону жүзөгө ашырууга жана күзөткө алынган көлмөлөрдө браконьердик учурларынын жана балык уурдоону алдын алууга;
2) бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде балык уулоо жана кайра өндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан мезгилде, көлмөнү пайдалануучунун балансында турган балык уулоо мүлкүнүн сууда сүзүү каражаттарынын жана балык уулоо шаймандарынын сактыгын камсыз кылууга;
3) балык кармалган жерлерде жарандардын кармаган балыгын, балык уулоо шаймандарын жана балык уулоо документтерин текшерүүгө;
4) пайдалануучуларга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде жарандар тарабынан балык уулоо эрежелерин сакталышына коомдук контролдоону жүзөгө ашырууга;
5) көлмөлөрдү жана балык уулоочу тилкелерди пайдалануучуларга бекитип берилген балык уулоо сүйүүчүлөргө жана алар көлмөлөрдө кармаган балыктардын санын жана түрлөрүн эсепке алууну белгиленген формадагы эсепке алуу китебине каттоо менен системалык түрдө жүргүзүүгө;
6) балык уулоо сүйүүчүлөргө жактыруу же спорттук балык уулоосу үчүн берилген балык уулоо документинин (билет, карточка, жолдомо) эсебин жүргүзүүгө;
7) балык уулоо ыргагын (режиминин) жана балыкты кармоонун белгиленген чегин сактоого коомдук контролду жүзөгө ашырууга;
8) балык уулоочулар жана калк арасында балык коргоо, балык уулоо жана балык запастарын кайрадан өндүрүү маселелери боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүзүүгө;
9) балык чарба маселелери боюнча балык уулоонун колдонуудагы эрежелерин, жоболорун, нускамаларын жана башка ченемдик укуктук актыларын билүүгө;
10) күзөткө алынган көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде аныкталган балык уулоо жана балык запастарын коргоо эрежелеринин бузууларын эсепке алууга жана белгиленген мөөнөт ичинде балык коргоо иштери боюнча отчет тапшырууга;
11) өз милдеттерин аткаруу учурунда балык коргоонун штаттан тышкары кызматкери күбөлүгүн алып жүрүүгө жана аны балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык коргоо кызматынын кызматкеринин талабы боюнча көрсөтүүгө.
3-глава. Егердик кызматтын кызматкерлеринин ыйгарым
укуктары
12. Егердик кызматтын кызматкерлери балык коргоонун штаттан тышкаркы кызматкери күбөлүгүн көрсөтүү учурунда төмөнкүлөргө укуктуу:
– жарандардан балык кармоонун жана балык запастарын коруунун эрежелерин бузууга жол бергендиги боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга;
– балык уулоо жайларында, балык кармоо же балык уулоо укугун берген балык уулоо документтерин, эсепке алуу документтерин, ошондой эле балык уулоо шаймандарын жана балык уулоо объекттерин текшерүүгө;
– балык уулоо эрежелерин бузган жана браконьердик кармоого жол берген жактардан кармоого тыюу салынган шаймандарын алып коюуга жана аны балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына, ал эми мыйзамсыз кармалган балыкты, аларды сатуудан түшкөн каражатты республикалык бюджеттин пайдасына которуу менен соода тармактарына өткөрүп берүүгө.
13. Егердик кызматтын кызматкерлеринин ыйгарым укуктары пайдалануучуларга бекитилип берилген же балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо максаттарында пайдаланууга сунушталган көлмөлөрдүн жана балык уулоо тилкелеринин чектерине гана таркатылат.